Колдүк айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 25.12.2020-жыл

Токтом №  86

 

    Колдук айылдык кенешинин 6 чакырылышын кезексиз   25-сессиясы 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2020-жылдын 25-декабрына карата  жергиликтүү бюджетинин  ашыкча киреше  булагынан же болбосо транспорт  ижара  акысынан  топтолгон 37600 (отуз жети миң  алты  жүз) сом  акча каражатын бюджеттик тармактарга чыгымдоо  үчүн  бөлүштүрүү  жөнүндө 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2020-жылдын 25-декабрына карата  жергиликтүү бюджетинин  ашыкча киреше  булагынан же болбосо транспорт  ижара  акысынан  топтолгон 37600 (отуз жети миң  алты  жүз) сом  акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү  боюнча айыл кмөт башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Көлдүк айылдык кеңеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрына карата  жергиликтүү бюджетинин  ашыкча киреше  булагынан же болбосо транспорт  ижара  акысынан  топтолгон 37600 (отуз жети миң  алты  жүз) сом  акча каражатын бюджеттик тармактардын  муктаж болгон  беренелерине жумшалсын.

 

  1. Кошумча акча каражатынын эсебинен жайыт комитетине 37600 (отуз жети  миң  алты жүз) сом  өлчөмүндө акча  каражаты  бөлүнсүн.

 

  1. Жергиликтүү бюджеттин ашыкча  киреше булагынан же болбосо транспорт  ижара акысынан  түшкөн  37600  (отуз жети миң  алты  жүз) сом эсебинен  каржыланган  бюджеттик  акча каражатынан  бюджеттик тармактардын  муктаж болгон беренелерине  максаттуу  жумшоо жагы  айыл  өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 20.01.2021-жыл

 

Токтом №  87

 

    Колдук айылдык кенешинин 6 чакырылышын кезектеги    15-сессиясы

 

2019-жылдын  акыркы үч айлык бюджетинин  аткарылыш боюнча  отчет,  2020-жыл ичинде  бюджетинин аткарылышы  боюнча отчету угуу жөнүндө

 

2019-жылдын  акыркы үч айлык бюджетинин  аткарылыш боюнча  отчет,  2020-жыл ичинде  бюджетинин аткарылышы  боюнча отчету  боюнча  Көлдүк айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн  башчысы  К.Дүйшеевдин берген отчетун угуп талкуулап  төмөндөгүдөй 

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ 

 

  1. 2019-жылдын акыркы үч айлык бюджетинин  аткарылыш боюнча  отчет,  2020-жыл ичинде  бюджетинин аткарылышы  боюнча отчетун   Көлдүк айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн  башчысы  К.Дүйшеевдин берген отчету жана  айыл өкмөтүнүн аткарган иштери канааттандырарлык  деп табылсын. 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 20.01.2021-жыл

 

Токтом №  88

 

    Колдук айылдык кенешинин 6 чакырылышын кезектеги    15-сессиясы

 

«Ардактуу атуул  наамын берүү жөнүндө».

 

      Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап  Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги   15- сессиясы төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ      КЫЛАТ.

 

  1. Көлдүк айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө   кошкон зор салымдары  үчүн Көлдүк айыл аймагынын  төмөндөгү атуулдары;

-- Абдуллаев  Эрнис Абдыкалыкович

--Кадыралиева Буажар

--Караев Советбек Ормонбекович

--Нурали уулу Алманбет

--Жалилов Өмүрбек Надирбекович

--Матоморов Рахматулла Туратбекович

--Тутаошв Алтынбек Калмаматович

--Кадыров Байышбек Сейитмаматович

--Сатыгулов Баатыр Турдуевич

--Темирбаев Маматтурсунов Сыранович

-- Иманалиев Маданбек Анарбаевич

--Аттокуров Асан Абдираимович

--Каримов Жанибек Ысманалиевичтерге

  Көлдүк айылдык кенешинин «Ардактуу атуул наамы» ыйгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө

жүктөлсүн.

          

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                      20.01.2021-ж

Токтом

№ 89

 

Көлдүк айылдык кенешинин  6-чакырылышынын    кезектеги  15-сессиясынын токтому

 

Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылынын тургуну  Маматисак уулу  Дастандын  арызы  Шамал-Терек айылынын Чат участкасына авто унаалардын  дөңгөлөктөрүн  желдөөчү  жана жамоочу  чакан ишкана  куруу үчүн  Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылынын  тургуну  Маматисак уулу  Дастанга жер аянтын бөлүп берүү жана мыйзамдаштыруу жөнүндө 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ 

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылынын Чат участкасына авто унаалардын  дөңгөлөктөрүн  желимдөөчү жана жамоочу  чакан ишкана  куруу үчүн   Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу  Шамал-Терек айылынын  тургуну Маматисак уулу Дастанга   0,03 га жер аянты  жеке менчикке бөлүнүп берилсин. 

 

  1. Жеке менчикке бөрүүдө жер участогунун  категориясы жана  аукцион  аркылуу  берүү  айыл өкмөтүнө    милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет.

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин чакырылышынын кезектеги 15 сессиясынын токтому

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 20.01.2021-жыл

Токтом

№ 90

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2021-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү  2022-2023-жылдарга  долбоорун кароо жөнүндө 

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2021-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү  2022-2023-жылдарга  долбоорун кароо жөнүндө  маселени  айылдык кенештин бюджет, салык  жана социалдык  маселелер боюнча туруктуу  комиссиясында алдын ала  каралып, алардын сунуштарынын негизинде Көлдүк айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

  1. 2021-жылы Көлдүк айыл өкмөтүнүн  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары   5573,4 мин   мин сом өлчөмүндө    бекитилсин (№1тиркеме).
  1. Айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга  жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү  №2тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
  1. Кыргыз Рэспубликасынын Жогорку кенешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы кабыл алыган № 4177-VI токтомуна ылайык 2021-жылга чегерүүлөрдүн  ченемдери  төмөнкүлөрдөн  белгиленсин.

а) жалпы мамлекеттик  салыктык түшүүлөрдөн  салык агенти  тарабынан  төлөнүүчү киреше  салыгынын  100 пайыз  өлчөмүндө:

б) ыктыярдуу патент  негизинде салыктан  милдеттүү  патенттөө  негизинде  салыктан,  бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн  айылдардын  жергиликтүү бюджеттеринин  тескөсүнө 100пайыз өлчөмүндө

в) жер казынасын  пайдалангандыгы үчүн  салыктан (стратегичлык  пайдалуу кендерди: алтынды, газды  кошпогондо, роялти)  алардын иштетилген  жери (жайгашкан орду)  боюнча  айылдардын  тийешелүү  жергиликтүү  бюджеттерине -50 пайыз өлчөмүндө:

г) жер казынасын  пайдалануу  үчүн  салыктан  (бонустар) республикалык  бюджетке -100пайыз өлчөмүндө  белгиленси.

  1. Жергиликтүү  салыктардан  жана салыктык эмес  жыйымдардан  түшүүчү  жергиликтүү  бюджеттердин  кирешелери  башка  денгээлдеги  бюджетке  алынууга жатпастыгы белгиленсин.
  2. Мыйзам менен  каралган  ыйгарым  укуктардын  чектеринде, жер салыгы  боюнча  базалык ставкаларды  же коэфициенттерди   жогорулатуу  боюнча жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдары тарабынан  чечимдерди  кабыл алуунун  эсебинен  жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул  2020-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенеши  тарабынан  кабылалган  Мыйзам менен бекитилген  2022-2023-жылдарга теңөөчү гранттардын  өлчөмдөрдүн  өзгөртүү  үчүн негиз болуп  саналбасы  белгиленсин.
  3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын  негизги  принсиптери жөнүндө  Мыйзамынын 21-беренесине  ылайык  айыл өкмөтүнүн  резервдик  фонду  55,7 мин сом  өлчөмүндө белгиленсин.
  4. Айыл өкмөтүнө 2022-2023-жылдарга  жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын  каржылоо  биринчи кезектеги  тартипте  корголгон  беренелер (эмгек акы, социалдык  фондко  чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана  милдеттүүм  медициналык  камсыздандырууга  чегерүүлөр.) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча  жүзөөгү ашыруу сунушталсын.
  5. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды  биринчи кезектеги  тартипте  корголгон  беренелер  жана  коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр  боюнча  чыгашаларды  каржылоого  багытталсын
  6. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен  комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
  7. Айыл өкмөтү  тарабынан  максаттуу багытталышы  боюнча  пайдаланылбаган  Кыргыз Республикасынын бюджетинин  каражаттары  тийешелүү  бюджеттерге  өндүрүп алынаары эске  алынсын.
  8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары  белгиленсин.
  9. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата  50.0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
  10. Жайыт пайдалануучулардан  түшкөн аренда акысы казына аркылуу төгүлүп, максатуу  жумшоо жагы жайыт комитетине эскертилсин.
  11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коиссиясына тапшырылсын.

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                     Нурали уулу Алманбет.

 

                                                                                                       №90 токтом № 1-тиркеме

 

2021-жылга Көлдүк айыл өкмөтүнүн бюджетинин бекитилиши боюнча маалымат

Киреше бөлүгү

Кирешелердин түрлөрү

Сумма

Эскертүү

1

Эмгек акыдан  кармалган  патенттик төлөм

1230,0

 

2

Бирдиктүү салык

10,0

 

3

Милдеттүү  салык 

15,0

 

4

Ыктыярдуу салык

50,8

 

5

Кыймылсыз мүлк салыгы

5,0

 

6

Транспорт салыгы

220,0

 

7

Огород салыгы

96,2

 

8

Юридикалык  салыгы

162,2

 

9

Айыл чарба багытындагы  эмес жер салыгы

30,0

 

10

Сатыктан алынуучу салык

0,0

 

11

Жайыт жердин ижара  акысы

245,2

 

12

Лицензияны кармап  тургандыгы үчүн  төлөм

139,3

 

13

КБФ кайра бөлүштүрүү фонд

269,8

 

14

Таштанды  (мусор) чыгаруудан  түшкөн салык

30,0

 

13

Мамлекеттик пошлина

0,0

 

14

Админ. Штраф

0,0

 

 

Жергиликтүү бюджеттин  бардыгы  

2503,5

 

15

Теңдештирүүчү   грант  (выравнивающий грант)

3069,9

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгы

5573,4

 

 

2021-жылга  Көлдүк айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  чыгаша бөлүгү

 

Бөлүмдүн аттары

Сумма

Эскертүү

1

Аппарат

3616,0

 

2

Соц коргоо

221,0

 

3

ЖКХ

416,3

 

4

Маданият  үйүнө

268,5

 

5

Китепкана

172,4

 

6

Билим берүүгө

574,0

 

7

Айыл чарбасына

60,0

 

8

Жайыт комитетине

245,2

 

 

Жыйынтыгы

5573,4

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                 Н.Таңырыков

№90 токтом № 2-тиркеме

 

2022-2023-жылга  Көлдүк айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  кереше  бөлүгү

 

Кирешелердин түрлөрү

2022-жыл

2023-жыл

1

Эмгек акыдан  кармалуучу  подоход салыгы

1300,0

1356,0

2

Бирдиктүү салык

10,0

10,0

3

Милдеттүү патент турундогу салык

15,0

15,0

4

Ыктыярдуу патент турундогу салык

50,8

50,8

5

Кыймылсыз мүлк салыгы

5,0

5,0

6

Транспорт салыгы

220,0

220,0

7

Огород салыгы

96,2

96,2

8

Юрид.жер салыгы

162,2

162,2

9

Айыл чарба эмес жер салыгы

30,0

30,0

10

Сатыктан алынуучу салык

0

0

11

Жайыт  жердин  ижара акысы (аренда)

245,2

245,2

12

Лицензияны кармап  тургандыгы үчүн  төлөм

139,3

139,3

13

Кайра  бөлүштүрүү фонду

269,8

269,8

14

Таштанды  чыгаруу

30,0

30,0

 

Жергиликтүү бюджеттин баары

2573,5

2629,5

14

Теңдештирүү  грант

3226,8

3260,3

 

Жыйынтыгы

5800,3

5889,8

 

 

Чыгаша бөлүгү

 

Бөлүмдүн аттары

2021-жыл

2022-жыл 

1

Аппарат

3716,0

3746,0

2

Соц коргоо

200,0

220,0

3

ЖКХ

500,2

523,6

4

Маданият  үйүнө

282,4

285,6

5

Китепкана

182,5

185,4

6

Билим берүүгө

574,0

584,0

7

Айыл чарбасына

100,0

100,0

8

Жайыт комитетине

245,2

245,2

 

Жыйынтыгы

5800,3

5889,8

 

 

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                 Н.Таңырыков

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин чакырылышынын кезектеги 15 сессиясынын токтому 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 20.01.2021-жыл

Токтом

№ 91

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2019-2020-жылдагы   айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга  айыл өкмөтүнүн  бюджети бекитүү жана  кошумча  каражат  кароо жөнүндө.

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2019-2020-жылдагы   жергиликтүү бюджетинин  аткарылышы жана кошумча  каражат кароо боюнча 01.01.2021-жылга айланма  кассалык  калдык (оборотные  кассовый  наличности)  783,3 миң сом өлчөмүндө калгандыктан  айылдык кенештин  бюджет финансы, салык жана  социалдык  маселелер боюнча  туруктуу комиссиянын  сунуштарын  жана  айыл өкмөтүнүн  финансы экономика  бөлүмүнүн  башчысынын  билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап  Көлдүк айылдык кенеши 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдагы  жергиликтүү бюджетинин  аткарылышы канааттандырарлык  деп табылсын.
  2. Көлдүк айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  киреше бөлүгүндө 01.012021-жылга  калган калдык 783,3миң сом (жети жүз сексен үч миң  жүзүч жүз сом) өлчөмүндө болгондуктан  мунун ичинен  башкаруу тармагына  210,0миң  сом (эки жүз он миң сом), коммуналдык  чарбаларга  413,3миң  сом (төрт жүз  он үч миң сом),  айыл чарбасына  90,0 миң сом (токсон миң сом) маданият үйүнө,  50,0миң сом(элүү миң сом) китепканага, 20,0миң сом (жыйырма) бюджеттик  тармактардын  муктаж болгон беренелерине  жумшоо мүчүн бөлүнүп бөлүнүп берилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коиссиясына тапшырылсын.

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                     Нурали уулу Алманбет.

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 28.01.2021-жыл

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын  кезектеги  26 сессиясы

 

ТОКТОМ № 92

 

Жайыт комитетинин 2020-жылдагы аткарган иштери  боюнча отчетун угуу жана 2021-жылга  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезексиз   26 сессиясы

жогорудагы маселени  карап жана талкуулап  төмөндөгүдөй 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

  1. Жайыт комитетинин 2020-жылдагы аткарган бюджеттик иштери канаатандырарлык деп табылсын.

 

  1. 2021-жылга Көлдүк жайыт пайдалануучулар    бирикмесинин (жайып комитетинин ) бюджети 343400(үч жүз кырык  үч миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.   № 1тиркеме

 

  1. 2021-жылга белгиленген бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыткомитетинин төрагасы М.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кеңешинин

2021-жылдын 28-январындагы

№92 токтомуна №1 тиркеме

 

 

                                                            БЕКИТЕМ     

Көлдүк айылдык кеңешинин

 

Төрагасы ___________Нурали уулу Алманбет

 

Ош облусу Өзгөн районунун Көлдүк  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесини  2021-жылга карата киреше жана чыгашаларынын (сметасы) БЮДЖЕТИ

 

Малдын түрү

Малдын саны

Которуу коеффиценти

Шатрруу малдын башы

Жайыт акы

Сумма

1

Кой-эчки

9200

0,2

1840

100

184000

2

Жылкы

394

1,0

394

100

39400

3

Кара мал

900

1,0

900

100

90000

4

Жайыт эсебинде  турган жерлер (антенна  билайын )

1

10ай

 

3,0

30 000

 

Жалпы

 

 

3134

 

343400

 

Чыгымдардын аталышы

Саны

Иштеген айы

Баасы

Суммасы

1

Төрагынын эмгек акысы

1

12

8000

96000

2

Бухгалтер

1

12

6000

72000

3

Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөм  17,25%

 

 

 

28980

4

Сапар чыгымы

 

 

 

5000

5

Концелярдык чыгымдар

 

 

 

5000

6

Транспорт чыгымдар

 

 

 

15000

 

Жайыт комитетинин чыгымы

 

 

 

221980

7

Жайыт инфраструрасын  жакшыртууга

 

 

 

50220

8

Жер салыгы

 

 

 

66200

9

Райондук  Ж.П.Б ассоциациясына

 

 

 

5000

 

Баары

 

 

 

343400

                   

 

 

 

 

Көлдүк жайыт комитетинин  төрагасы                                                         М.Жусупов

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенеши

Шамал-Терек айылы                                                                14.05.2021-жыл 

 

Көлдүк айылдык кенешинин 7чакырылышынын  кезектеги  1-сессиясы

 

ТОКТОМ   №   1

 

Көлдүк айылдык кенешине төрага жана төраганын орун басарын  шайлоо боюнча  эсептөө комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө.

 

Көлдүк айылдык кенешинин  төрагасын  жана төраганын орун басарын  шайлоо боюнча эсептөө  комиссиясынын  курамын түзүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көлдүк айылдык кенешинин төрагасын  жана төрагасынын орун басарын  шайлоо боюнча  отуруму 3 депутаттан  турган  эсептөө комиссиясы  бекитилсин 

 

  1. Н.Абакиров эсептөө комиссиясынын  төрагасы.
  2. Г.Касымова эсептөө комиссиясынын мүчөсү
  3. А.Ысакбаева эсептөө комиссиясынын мүчөсү 

 

  1. Милдеттендирилет эсептөө комиссиясына төрага жана төраганын орун басарын шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү жагы.

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин аксакал

                                             депутаты:___________________ З.Оморбекова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенеши

Шамал-Терек айылы                                                                14.05.2021-жыл 

 

Көлдүк айылдык кенешинин 7чакырылышынын  кезектеги  1сессиясы

 

ТОКТОМ   №   2

 

Эсептөө комиссиясынын добуш берүү     жыйынтыгын боюнча № 1-2 протоколдорун туура деп табуу  жөнүндө

 

 

Эсептөө комиссиясынын  жабык түрдө өткөрүлгөн  добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу максатында

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

  1. Эсептөө комиссиясынын жабык түрдө өткүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Көлдүк айылдык кенешине төрагалыгына талапкерлерге

Курманкулов  Нурустам  Өмүралиевич  (_4 төрт__)   добуш,  Жалилов  Өмүрбек Надырбекович            ( 7жети__) добуш,  берилгендиги анык деп табылсын.

 

  1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Көлдүк айылдык кенешине Жалилов Өмүрбек Надырбекович төрагасы  болуп  шайлансын,

 

  1. Көпчүлүк депутаттардын сунушу менен төраганын орун басары болуп Алимжан уулу Шайырбек     шайлансын..

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эсептөө комиссиясына жүктөлсүн

 

 

 

 

 

Төрагалык кылган ________________________З.Оморбекова

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 9.06.2021-жыл

 

Токтом

№ 3

Көлдүк айылдык  аймактын  туруктуу комиссиясын  бекитүү жөнүндө

 

Көлдүк айылдык кенешинин VII-чакырылышынын  кезектеги   2 сессиясынын  чечими менен  Көлдүк айылдык  аймактын  туруктуу комиссиясын  бекитүү  максатында   Көлдүк айылдык кенеши .

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

Кыргыз республикасынын «жергиликтүү өзун өзү башкаруу жөнүндөгү»  мыйзамынын  32-беренесине ылайык  айылдык кенештин  туруктуу комиссияларын  сандык, сапаттык  курамы  тиркемеге ылайык  тиркелсин.(1баракта)

Туруктуу  комиссиялар  ушул токтомдун  3-пунктунда  каралган  комитеттерге  бөлүнсүн  жана тиешелүү  иш пландарын  иштеп чыгуу  жагы тапшырылсын.

1)  «Регламент,  мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика,  социалдык  маселелер  жана дин  иштери»  боюнча

2) «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  инвестиция» маселелери боюнча

3) «Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча  туруктуу комиссияныны  курамы , мучөлөрү №1 тиркемеге ылайык  бекитилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кенештин

төрагасынын орун басары  Алимжан уулу Шайырбек жүктөлсүн

 

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин 

төрагасы :__________________________Ө.Жалилов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Бекитемин»

Көлдүк айылдык кенешинин

төрагасы _______Ө.Жалилов 

09.06. 2021-ж

Көлдүк айылдык кенешинин    кезектеги   2сессиясынын  № 3 токтому  менен  Көлдүк айылдык  аймактын  туруктуу комиссиясынын курамы

 

 

  • «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика,  социалдык  маселелер  жана дин  иштери»  боюнча.

 

  1. З. Оморбекова комиссиянын төрагасы
  2. Г.Касымова мүчөсү.
  3. И.Мамажусупов    мүчөсү.

 

 

2) «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  инвестиция» маселелери боюнча 

 

  1. Н.Абакиров комиссиянын  төрагасы
  2. А.Кедеев мүчөсү
  3. А.Ысакбаева мүчөсү

 

  • «Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча  туруктуу комиссиянын  курамы

 

  1. Н.Курманкулов комиссиянын төрагасы
  2. Р.Кенешбаев мүчөсү
  3. Ж.Каримов мүчөсү.

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы:_______________Н.Танырыков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 30.06.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  4 

 

Колдук  айылдык кеңешинин кезексиз VII-чакырылышынын  кезексиз   2 сессиясы

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин 2021-жылга  иш мерчемин бекитүү жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Көлдүк айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш мерчеми бекитилсин.

 (№1 тиркеме 2 баракта тиркелет).

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин

             төрагасы                                                       Жалилов Ө.Н.

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

Көлдүк  айылдык кеңешинин 2021-жылдын    30-июнундагы   №   4  токтому менен бекитилген 

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн иш мерчеми 

  1. 2021-жылы Колдук айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
  2. Айылдык кеңештин 2021-жыл үчүн иш мерчемин бекитүү (2021-жыл, 3 (4)-квартал, айылдык кеңештин төрагасы Жалилов О.Н. жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы Танырыков Н.)    
  3. Колдук айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2021-жыл үчүн жылдык отчет (2021-жыл, 4-квартал, Курманкулов Р.)
  4. Колдук айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2021-жыл үчүн программасын жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыйжаларын бекитүү (2021-жыл, 3-квартал, Колдук айыл өкмөтүнүн башчысы Курманкулов Р.А.)
  5. Колдук айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2021-жыл, 4-квартал, айылдык кеңештин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Колдук айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Дуйшеев К.)
  6. Колдук айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2021-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2021-жыл, 3 (4)-квартал, айылдык кеңештин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Колдук айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Дуйшеев К.)
  7. Колдук айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2021-жыл, 3 (4)-квартал, “Финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Колдук айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Дуйшеев К.)

 

  1. Колдук айыл аймагындагы маданият үйүнүн, китепкананын, (2021-жыл, 3 (4)-квартал, «Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер (тил, каада-салт, дин) боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси А.Турдуева )

 

  1. Бюджеттин 2021-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык мерчеминин аткарылышы жөнүндө (2021-жыл, 3 (4) - квартал, “Финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Колдук айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Дуйшеев К.)
  2. II. Уюштуруу-массалык иштер

Иш чаранын мазмуну

Мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар

Баяндамачылар

1

Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү  (зарылдыкка жараша)

Жыл ичинде  

Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы

Убактылуу комиссиянын башчылары

2

Колдук айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша)

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

3

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү 

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасынын орун басары, «Финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссия

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы

4

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу.

Жыл ичинде

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы

5

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар

 

6

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына кеминде бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

7

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу

Жылына бир жолу

Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

8

Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу)  

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы

 

9

Өзгөн РИИБнин Колдук айылы боюнча окулу, милиция бөлүмчөсүнүн жана Колдук айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунун Колдук айыл аймагы боюнча 2021-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө

2021-жыл, 3 (4)-квартал 

Мыйзамдуулук, укук тартипти чыңдоо, этика, маданият, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссия, кеңештин төрагасы

Колдук айыл окмотуно болунгон атайын окулу (милиция)

10

Жергиликтүү жамааттарды уюштуруу (ата-энелер жамааты ж.б.) жана  Уставын бекитүү жана каттоо

2021-жыл, 3 (4)-квартал

Айыл өкмөт башчысынын орун басары

11

Колдук айыл аймагынын тургундарынын паспорт менен камсыз кылууда Өзгөн райондук паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн Колдук айылында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету

Жыл ичинде

 Паспорт жана виза каттоо бөлүмчөсүнүн окулу

12

Айылдык кеңештин депутатынын жана кеңештин туруктуу комиссияларынын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө.

      Эгерде зарылдык жаралса депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.

2021-жыл, 3 (4)-квартал 

Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары

13

Колдук айылында  жайгашкан почта, РЭТтин бөлүмчөлөрүнүн аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери 

2021-жыл,  3 (4)-квартал  

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер (тил, каада-салт, дин)  боюнча туруктуу комиссия

Айыл өкмөт башчысынын орун басары (жооптуу катчы)

14

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин:ФАПтын калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө

15

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө.

2021-жыл,  3 (4)-квартал 

Айыл өкмөтүнүн соцадиси

16

Колдук жайыт комитетинин айылдык тургундарын сапаттуу тейлөөдө жүргүзгөн иштери жана Колдук айыл окмотунун балансындагы трактордун элге корсоткон кызматтары жонундо.

2021-жыл,  3 (4)-квартал 

Жайыт комитетинин торагасы.

17

Колдук айыл аймагына караштуу Какыр айылы менен чектеш жердеги гуруч ондуруу жана башка үрөнчүлүк чарбалардын 2021-жылкы күзгү айдап себүүгө айыл тургундарын сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу жөнүндө

2021-жыл, 3 (4)-квартал

Жер, мелиорация, турак жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия

Колдук айыл өкмөтүнүн жер адиси

18

Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү

2021-жыл,  3 (4)-квартал

Колдук айыл өкмөтүнүн жер адиси 

 

19

Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү 

2021-жыл, 3 (4)-квартал

Электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссия

 

Айыл өкмөттүн жайыт боюнча адиси

20

Мал жандыктарды алдын-ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү 

2021-жыл, 3 (4)-квартал 

Колдук айыл өкмөтүнүн вет.адиси

21

Колдук айыл аймагындагы вет.адистин  ишмердүүлүгү жөнүндө

2021-жыл, 3 (4)-квартал

 

Колдук айыл өкмөтүнүн вет.адиси

22

Колдук айылындагы короо жандыктар жайлоого кеткенге чейинки жана жайлоодон келгенден кийинки жайыт маселесин контролдоо боюнча иш аракеттери.

23

Колдук айыл аймагындагы жолдорду оңдоп-түзөөдө жасаган иштери жөнүндө

2021-жыл, 3 (4)--квартал

 

Айыл өкмөт башчысынын орун басары (жооптуу катчы)

24

Жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2021-жыл үчүн бюджетинин жана иш мерчеми боюнча.  

2021-жыл, 3 (4)--квартал

Жайыт комитетинин башчысы

25

Жетинчи чакырылыштагы Колдук айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө

2021-ж., ар кварталда

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

Кеңештин жооптуу катчысы

26

«2021-жыл тарых жана маданият» жылын өткөрүүгө активдүү катышуу

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин депутаттары

 

27

Колдук айылдык кеңешинин 2021-жылга ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо

2021-жыл, декабрь

Колдук айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаттары

Колдук айылдык кеңешинин төрагасы

28

Түркүн маселелер

Жыл ичинде

 

 

 

Колдук айылдык кеңешинин төрагасы                                              Жалилов О.Н.

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 30.06.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  5

 

Колдук  айылдык кеңешинин  VII-чакырылышынын  кезексиз   2 сессиясы

 

Көлдүк айылдык кенешинин   VII-чакырылыштын  мөөнөт ичинде депутаттардын  иш регламенти  бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз  Республикасынын Жергиликтүү өз алдынчы  башкаруу  жөнүндө  Мыйзамынын  жана Көлдүк  айылдык кенешинин регламенти  айылдык кенешинин  сессиясында  талкууланып төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

  1. Көлдүк айылдык кенешинин VII-чакырылыштын  мөөнөт ичинде депутаттардын  иш регламенти  бекитилсин.  (тиркелет 6барактан) .

 

  1. Сессия жылына 4кварталга бөлүнүп бир жылга кезектүү 4жолу сессия уюштурулсун, кезексиз сессия маселенин жаралышына жана сунуш пикирлерди эске алуу менен  каралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык  этика боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын».

 

 

 

 

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин

төрагасы                                            Жалилов Ө.Н.

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 2021-жылдын  30-июнундагы№ 4 токтому менен бекитилген

 

КӨЛД/К АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ

  1. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. 

Көлдүк айылдык Кеңешинин туруктуу жайгашкан жери – Көлдүк айылы болуп саналат жана курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланган 11 депутаттан турат. Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча айылдык Кеңештин сессиялары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.

Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:

- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

айыл өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык Кеңеш айыл өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт

аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;

жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;

мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;

жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келуучу чечимдерин жокко чыгаруу;

кеңештин регламентин кабыл алуу;

өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;

Окмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык сан-эсебин бекитүү;

суугат сууну, пайдалануу үчүн, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитүү;

алкоголдук ичимдиктерди, жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды откорууго тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо;

ирригациялык тарматарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды  күтүүнүн тартибин аныктоо;

жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.

1.3. Кенеш, өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.

  1. Жергиликтүү Кеңештин ишин уюштуруу

Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.

Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.

Кеңештин сессиялары кварталына (жылына) кеминде 1 жолу Кеңеш белгилеген күндө жана саатта өткөрүлөт.

Кенеш күн тартибиндеги маселелердин мазмунуна ж.б. жагдайларга карата көчмө сессияларды өткөрө алат.

Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы же катчысы сессияга чейин 2 күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.

Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар сессияга чейин 1 күндөн кечиктирбестен депутаттарга жекече берилет.

Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия, аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.

Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.

Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизүүнүн демилгечилери даярдайт.

Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүмкүн.

Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.

Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш:

аткаруучуларды, аткаруу мөөнөтүн, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө;

таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен, ал эми зарылчылык болгон учурда - тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе, Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;

бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга.

Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин сунушу маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө кеңештин (же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.

  1. Кеңештин сессиялары, депутаттык угуулар

 (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”)

3.1. Кеңештин сессиялары (жыйналышы) Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдуу болот. Айылдык кенеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.

Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына катышууга милдеттүү. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы (мындан ары - катчы) уюштурат. Депутат кезектеги сессиянын башталган убактысынан жарым саат (30 минут) кечигип келсе, келбеди деп эсептелинет (жүйөөлүү себептер менен кармалып жаткандыгын төрагага же катчыга билдирбеген учурда).

Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин катчысына күн мурунтан себеби жөнүндө билдирүүгө тийиш.

Катары менен төрт жолудан ашык айылдык кенештин сессияларына жүйөлүү себепсиз (жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар, жакын тууганы каза болсо же кырсыкка учураган  саналат) дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле айылдык кенештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн айылдык кенештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Көлдүк айылдык кенешинин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Кеңештин сессиялары коомчулук учун  ачык болуп саналат.

Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.

Кеңештин сессияларын - Кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.

Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, «жактап», «каршы» добуш бергендерди, «калыс» калгандарды көрсөтүү менен) протоколго, киргизилет.

Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.

Кеңеш ар бир сессияда Кеңештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.

Өзгөчө гана учурларда күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясында түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.

Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.

Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каалууга тийиш.

Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары, - 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга - 5 мүнөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлөр үчүн 3 мүнөткө чейин.

Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.

Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.

Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.

Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.

Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.

Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.

Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу (стенограммаланат) жазат жана ага  төрага кол коет.

Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коет.

3.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.

3.17. Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча өздөрүнүн караштуулугундагы маселелер боюнча депутаттык  угууларды (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”) демилгелешет жана өткөрүшөт.

Депутаттык угууларда (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”) кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча жана Көлдүк айылдык кеңешинин  кабыл алган чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.

Депутаттык угууларга чакырылган адамдар Кеңештин жыйналышына келүүгө милдеттүү. Депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчүлүгү менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.

Депутаттык угуулар кыскача жана маңызы боюнча стенограммаланат жана ага  төрага кол коет.

3.18. Айылдык Кеңештин сессиясы  төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат.

Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар айылдык Кеңештин сессиясында, депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.

Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкүлдөрү, чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.

3.19. Сессияга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип, катышууга тыюу салынат.

  1. Кеңештин чечимдери

Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат. Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Кеңештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат.

Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коет.

4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.

4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат.

Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.

Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.

Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.

Кеңештин чечимдерин чыгаруу үчүн жоопкерчилик Кеңештин катчысына жүктөлөт.

4 9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.

Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттүү.

Кеңештин чечимдери сот тартибинде же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.

  1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы

Айылдык Кеңештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.

Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаңы чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.

Кеңештин төрагасы өз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, бошотулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиянын күн тартибине киргизилет.

Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.

5.3.Кеңештин төрагасы:

Кеңештин сессияларын чакырат;

сессияларда, депутаттык угууларда ж.б. төрагалык кылат;

жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;

Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;

Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;

Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;

депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат;

сессия учурунда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда, жыйналышта сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага сын-пикир айтууга укуктуу;

электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет;

Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;

Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;

мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;

Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;

Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылат;

Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;

Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;

жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;

мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынын кол коет;

Кеңештин чечимдерин Көлдүк айыл өкмөтүнүн аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана көзөмөлдөйт;

ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.

Кенештин атынан айылдык кенештин депутаттарына, айылдык кенештин атуулдарына мамлекеттик органдарга Ардак грамота, төш белги ж.б. ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.

Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алып салынышы мүмкүн.

Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын үч айдан ашык убакыт бою жүзөгү ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.

Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөңдөң  кийин токтотууга укуктуу.

Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы терагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.

  1. Кеңештин төрагасынын орун басары

Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин терагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү) укугуна ээ.

Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.

Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.

Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүйлөө үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Кеңештин төрагасынын орун басары:

Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат;

ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;

Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.

Кеңештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат,.

Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин  төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.

Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин терагасынын орун басары ыктыярдуу турдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет, ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.

  1. Кеңештин жооптуу катчысы

7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.

Кенештин катчылыгы боюнча мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы аткарат.

7.2. Кеңештин катчысы:

Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт жана жеке жоопкер катары өз мөөнөтүндө мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барат;

Кеңештин сессияларынын жүрүшүн стенограммалайт жана ага жоопкер;

Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;

Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;

сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат;

депутаттардын Кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат;

Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;

башка функцияларды аткарат.

  1. Кеңештин туруктуу комиссиялары

Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын-ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.

Туруктуу комиссиялар Кеңештин Негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.

Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.

Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин сессиясында бекитилет.

Комиссия депутаттын арызынын негизинде депу­таттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.

Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Депутат катары менен жүйөөлүү себеби болбостон туруктуу комиссиянын пландуу жыйналыштарын 4 жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн. Жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар саналат.

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.

Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет.

Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.

8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:

комиссиянын ишин уюштурат;

комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;

комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;

комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;

комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;

комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;

комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт жана комиссиянын чечимдерин сессиянын күн тартибине сунуштайт;

комиссиянын компетенциясына кирген айыл аймагындагы көйгөйлүү жана орчундуу маселелерди туруктуу комиссияга сунуштайт;

төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;

комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт жана атуулдардын арыздарын мыйзам ченеминде өз убагында кароого, жооп берүүгө жоопкер;

башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.

Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.

Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:

туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;

төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;

төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.

Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат.

Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.

Туруктуу комиссиянын катчысы:

- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;

комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;

комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;

комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.

Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.

Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же оозеки формада киргизе алат.

Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.

Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.

8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйыналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.

Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чогулат.

Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлүрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.

Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.

Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.

Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.

Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.

Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.

Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.

Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.

Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.

Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:

туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;

эгерде комиссиянын жыйналыштары 3 ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда;

комиссияда Зтөн аз мүчө калган учурда.

  1. Убактылуу (атайын) комиссиялар

Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.

Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.

Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.

Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.

 

  1. Регламентти бекитүү ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.

Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.

Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.

Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.

Кабыл алынган түзөтүүлөр бекитүү үчүн Кеңешке киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.

Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат.

 

 

 

Жооптуу катчы:                      Н.Таңырыков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 6.08.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  7

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги   3сессиясы

 

Айыл аймагынан сырткаркы келген  бодо малдардын  салыгын жогорулатуу жөнүндө

 

Акыркы жылдарда малдын саны көбөйүп  сапатына эмес санына көңүл бурулуп жаткандыгын, элдин  учурдагы таалаптарын, жайыттарды максатуу жана  сапаттулугун арттыруу  максатында айыл аймагынан сырткаркы келген  бодо малдардын  салыгын жогорулатуу боюнча сунуш пикирлерди эске алып Көлдүк айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй 

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

  1. Айыл аймагынан сырткаркы келген бодо жана майда жандыктардын    салыгы төмөндөгүдөй болуп кабыл алынсын.

--Бодо малдардын (жылкы, кара мал) ар бир башына бир жылдык жайыт акысы 500(беш жүз) сомдон.

--Кой-эчкилердин ар бир башына бир жылдык жайыт акысы 100( жүз) сомдон  бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жайыттардын сапатын жакшыртуу, үнөмдүү колдонуу жагы Көлдүк жайыт комитетинин төрагасы М.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                  6.08.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  10

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги   3сессиясы

 

Ой-Жаңгак  участкасындагы сай тарапты  улак чабуучу аянтчага  уруксат берүү жөнүндө.

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги   3сессиясы

күн тартибиндеги  Ой-Жаңгак  участкасындагы сай тарапты  улак чабуучу антчага  уруксат берүү жөнүндөгү  маселени талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

  1. Ой-Жаңгак участкасындагы сай тарапты  улак чабуучу аянтча  курууга   уруксат берилсин.

 

  1. Өз алдынча мыйзамсыз тосмолорду куруп алган жарандарга  эсекертүүлөр берилип, ал жерди бошотуу  боюнча иштер жүргүзүлсүн.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 6.08.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  11

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги   3сессиясы

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-июлундагы  эл менен болгон жолушуунун № 5протоколу, 2021-жылдын 11-июлундагы № 6протоколу, 2021-жылдын 12-июлундагы  №7 протоколу, 2021-жылдын 15-июлундагы  № 8 протоколдору бекитип берүү  жөнүндө.

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-июлундагы  эли менен болгон жолушуунун № 5протоколу, 2021-жылдын 11-июлундагы № 6протоколу, 2021-жылдын 12-июлундагы  №7 протоколу, 2021-жылдын 15-июлундагы  № 8 протоколдору бекитип берүү боюнча талкууларды жана  сунуштарды  эске алып төмөндөгүдөй

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-июлундагы эли менен болгон жолушуунун № 5протоколу, 2021-жылдын 11-июлундагы № 6протоколу, 2021-жылдын 12-июлундагы  №7 протоколу, 2021-жылдын 15-июлундагы  № 8 протоколдору бекитилип  берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 6.08.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  12

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги   3сессиясы

 

Э.Атакулов орто мектебинде жайгашкан трансформаторду Өзгөн РЭТ ишканасынын балансына өткөрүп берүү  жөнүндө

 

Э.Атакулов орто мектебинде жайгашкан трансформаторду Өзгөн РЭТ ишканасынын балансына өткөрүп берүү  боюнча депутат Н.Абакировдун  сунушун жана  добуштарды  эске алып  Көлдүк  айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй. 

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

 

  1. Э.Атакулов орто мектебинде жайгашкан трансформаторду Өзгөн РЭТ ишканасынын балансына өткөрүлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана өткөрүп берүү аракеттерин  көрүү  Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 25.09.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  13

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз    2сессиясы

 

Көлдүк айыл аймагындагы А.Курманкулов  көчөсүндөгү  бузулуп кеткен эски клубдун ордуна  айыл имамы үчүн турак жай жана балдарды окутуу үчүн медресе курууга, эски  ФАПтын маңдай жагына  ФАП курууга  уруксат берүү жөнүндө

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз  ачык   2-сессиясы   элдин  сунушун жана айыл өкмөтү менен биргеликте талкууланып  пикирлерди эске алып  Көлдүк  айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

 

  1. Көлдүк айыл аймагындагы А.Курманкулов көчөсүндөгү  бузулуп кеткен эски клубдун ордуна  айыл имамы үчүн турак жай жана балдарды окутуу үчүн медресе курууга, эски  ФАПтын маңдай жагына  ФАП курууга  уруксат берилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана өткөрүп берүү аракеттерин  көрүү  Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 25.09.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  14

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз    2сессиясы

 

Эгинге түшкөн малдардын келтирилген зыяндуулугун аныктоо жана айып пулун бекитүү жөнүндө

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз  ачык   2-сессиясы   элдин  сунушун жана айыл өкмөтү менен биргеликте талкууланып  пикирлерди эске алып  Көлдүк  айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

 

  1. Эгинге түшкөн малдардын келтирилген зыяндуулугун аныктоо үчүн атайын   айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамы түзүлсүн жана эгинге  зыян келтирилген  убакта айып пулун бекитилсин,  жана  бир баш кара  малдарга 1000 (миң сомдон )  кой эчкиге 300 (үч жүз) сомдон  белгиленсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 25.09.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                               №  15

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз    2сессиясы

 

Мыйзамсыз ээлик кылып  ээлеп алган чөп чабындыларды аныктоо жана  келишимдин негизинде бирдиктүү баасын чечип берүү  жөнүндө

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз  ачык   2-сессиясы   элдин  сунушун жана айыл өкмөтү менен биргеликте талкууланып  пикирлерди эске алып  Көлдүк  айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

 

  1. Мыйзамсыз ээлик кылып ээлеп алган чөп чабындылар аныкталсын  жана  келишимдин негизинде бирдиктүү баасын  500(беш жүз) сомдон 1000 (миң)сомго  чейин белгиленсин. 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 25.09.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  16

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз    2сессиясы

 

Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу жер көчкү коркунучунда жашаган үй-бүлөлөрдү аныктоо жана  сунуштоо жөнүндө.

 

            Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинин  Маниторинг болжолдоо  департаментинин 2021-жылдын 23-августундагы  № 0-272 корутундусунун  негизинде  

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар  Министрлигинин  Маниторинг болжолдоо  департаментинин 2021-жылдын 23-августундагы  № 0-272 корутундусунун  негизинде   Чалк-Өйдө айылдарында жашаган Эшназаров  Жанибек Камилович  кооптуу аймактарда жашагандыгы белгиленсин.

 

  1. Кооптуу аймактардан көчүрүп чыгуу, жер тилкеси менен камсыз кылуу жана  тиешелүү иш аракеттерди жасоо жагы  айыл  өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы

________Ө.Жалилов  

25.09.2021-жыл

№ 16 токтомуна № 1 тиркеме

 

 

 

Аты жөнү

Участкасы

Таб.кырс.түрү

Корут.чык.күн

1

Эшназаров Жанибек  Камилович

Чалк-Өйдө

Көчкү коркунучу

23.08.2021-ж № 0-272

 

 

 

 

Башкы адис                                                                                       А.Бопоев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 27.10.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  17

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз    3сессиясы

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  башкы имаратынын жанына кошумча имарат (бирдиктүү  терезе) курууга уруксат берүү жөнүндө

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн өзүнө тиешелүү  имараты болбой элдин ашар жолу менен курулган чайканага жайгашып, андагы канаалар   тар жана ыңгайсыз болгондугу, ошондой эле  эскилиги жетип  жанына кошумча имарат (бирдиктүү  терезе) курууга максатында. 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн башкы имаратынын маңдай жагына  кошумча имарат (бирдиктүү  терезе) курууга уруксат берилсин.

 

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 24.11.2021-жыл

 

Токтом

 

Шамал-Терек   айылы                                №  18

 

Колдук  айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз    2-сессиясы

 

Чалк-Өйдө айылындагы  ФАПтын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

 

  1. Чалк-Өйдө айылындагы ФАПты капиталдык ремонттон өткөрүү айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына киргизилсин.

 

  1. Сметалык документтерди даярдоого жергиликтүү бюджет эсебинен каралсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы З.Оморбековга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:-                                                                                             Жалилов Ө.Н.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын  кезектеги  13 сессиясы

Шамал-Терек  айылы                                                                                 30.12.2019-жыл

 

ТОКТОМ № 76

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  тогуз  айлык финасылык  аткарган отчету  жөнүндө.

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезектеги  7-сессиясы

 

Шамал-Терек  айылы                                                          17.11.2018-жыл

Токтом  №38

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 9айлык аткарылган  финансылык отчетунун аткарылыш жөнүндө

 

       Көлдүк айыл өкмөтүнүн 9айлык аткарылган  финансылык отчетунун аткарылышын боюнча  айыл өкмөтүнүн башчысы жана ФЭБнүн башчысы  келбей калгандыгын эске алып депутат Б.Кадыров, Н.Курманкулов, Ө.Жалилов, Н.Темирбаевдердин  сунуш пикирлерин эске алып 6-чакырылышынын  кезектеги 7-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат

 

ТОКТОМ

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн финансылык отчету  бир канча жолку эскертүүлөргө карабастан  отчету  даяр болбогону эске алынсын жана  канаатандырылбасын.

 

  1. Кетирилген кемчиликтерге жол бергендерди таап бир айлык  мөөнөттө  мыйзам чегинде  чараларды колдонуу жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевге  милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

          

 

 

 

 

Колдук айылдык кенешинин

торагасы                                                                   Б.Сатыгулов

 

 

Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги  7-сессиясы 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 17.11.2018-жыл

Токтом    №39

 

Айыл  окмотунун  салык  адиси  А.Садыкованын  билдирүүсү  жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу (910 кожолук) ар бир кожолугуна 50сом олчомундо өз ара  салыгы бекитилсин

 

  1. Жогорудагы кожолуктардын арасынан группасы 1-2-топтогу майыптарга жана согуштун ардагерлерине Баткенчи,  Авганчы жана коп  балалуу кожолуктар  там арка салыгынан  0,15га  өлчөмүндө женилдиктер берилсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы салыкчы А.Садыковага милдеттендирилсин

 

 Колдук айылдык кенешинин

торагасы :__________________Б.Сатыгулов

 

 

Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги  7-сессиясы 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 17.11.2018-жыл

Токтом  № 40

 

Айыл  окмотунун  салык  адиси  А.Садыкованын  билдирүүсү  «2019-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес  жер салыгына К3 1,2 коэфицент  жана там арка салыгы  боюнча 1,0 зоналдык коэффицентти »  бекитүү жөнүндө.

 

        «2019-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес  жер салыгына К3 1,2 коэфицент  жана там арка салыгы  боюнча 1,0 зоналдык коэффицентти »  бекитүү  ошондой эле согуштун ардагери, тылдагы,авганчы, баткенчи, 1-2 топтогу  майыптарга  пенсия курагындагыларга, көп балалууларга, кароосуз жалгыз калган  атуулдарга там арка салыгынан  жеңилдик берүү жөнүндө Көлдүк айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча жетектөөчү адис А.садыкованын  маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин  4-пунктуна ылайык  Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги  7-сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2019-жылга  карата  айыл чарба  багытындагы эмес  жер салыгына  к3-1,2 зоналдык коэффиценти жана  тамарка  салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффиценти бекитилсин.

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн айылдарында  жашаган согуштун ардагери, тылдагы,авганчы, баткенчи, 1-2 топтогу  майыптарга  пенсия курагындагыларга, көп балалууларга, кароосуз жалгыз калган  атуулдарга там арка салыгынан  жерлеринен 15 сотых  өлчөмүндө  жеңилдиктер берилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Колдук айылдык кенешинин

торагасы :__________________Б.Сатыгулов

 

 

Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги  7-сессиясы 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 17.11.2018-жыл

Токтом  № 41

 

Айыл  окмотунун  салык  адиси  А.Садыкованын  билдирүүсү  жер салыгынын  баасын  жогорулатуу жөнүндө.

 

        Ош облусунун  мамлекеттик  салык кызматынын  Өзгөн району  боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги  № 07-3-16705  сандуу  каты, Көлдүк айылдык  кеңешинин финансы  экономика, бюджет, экономикалык жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана инвестиция  маселелери боюнча  туруктуу комиссиясында каралып  алардын талкуусунун негизинде   Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги  7-сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көлдүк айыл аймагындагы сугат, кайракы, чөп ормо, жайыт жана көп жылдык бак 2019-жылдын 1-январынан баштап  базалык өлчөмү  15 %пайызга  жогорулатуу менен бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана инвестиция  маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Колдук айылдык кенешинин

торагасы :__________________Б.Сатыгулов

 

 

 

 

Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  11-сессиясы 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 14.12.2018-жыл

 

Токтом   № 42

 

Көлдүк  жайыт комитетинин 9айлык аткарган финасылык  аткарган иштери жөнүндө.

 

Жогорудагы сунуш пикирлерди  угуп жана талкуулап Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  11-сессиясы  төмөндөгүдөй  токтомго  келишти

 

ТОКТОМ

 

  1. Жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде  аткарган финансылык отчету   канааттандырарлык эмес деп табылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин төрагасы                                                     Б.Сатыгулов

 

 

 

Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  11-сессиясы 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 14.12.2018-жыл

Токтом № 43

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 9айлык аткарылган  финансылык отчетунун аткарылыш жөнүндө

 

 Көлдүк айыл өкмөтүнүн 9айлык аткарылган  финансылык отчетунун аткарылыш жөнүндө маселе  каралып  талкууларынын  негизинде   Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  11-сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9айлык аткарылган финансылык отчетунун аткарылыш  канааттандырарлык деп табылсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана инвестиция  маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Колдук айылдык кенешинин

торагасы :__________________Б.Сатыгулов

 

 

 

 

Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  11-сессиясы 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 14.12.2018-жыл

Токтом № 45

 

Кргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу   типтүү жобону бекитүү жөнүндө.

 

       Кргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу   типтүү жобону бекитүү жөнүндө  маселе  каралып  талкууларынын  негизинде   Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  11-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу   типтүү жобосу бекитилсин.(Жобо 5_баракта тиркелет)

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика,  социалдык  маселелер  жана дин  иштери»  боюнча   туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

Колдук айылдык кенешинин

торагасы :__________________Б.Сатыгулов

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешини

2018-жылдын  14-декабрдагы № _45_токтому

менен  бекитилген

 

КыргызРеспубликасынын жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча  комиссия тууралуу

ТИПТҮҮ ЖОБО

 

1.Жалпы жоболор

 

  1. Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде

(мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын   жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары – Комиссия ) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин  аныктайт.

 

  1. Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү

коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

 

  1. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персеналдык курамы жергиликтүү

кенештин  чечими менен бекитилет.

 

  1. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын,   

Кыргыз Республикасынын  бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик  укуктук актыларды жана ушул Жобону  жетекчиликке алат.

 

  1. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча

ыйгарым укуктарга ээ.

 

  1. Комиссия жергиликтүү кенештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 

15-январдан кеч эмес  өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке  киргизет.

  1. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо       

жергиликтүү бюджетте  каралган  каражаттардын эсебинен жүргүзөт.

 

2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн

 

  1. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын

орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн  курамында түзүлөт.

  1. Жергилктүү кенеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

--жергиликтүү кенештин депутаттары;

--муниципалдык  кызматчылар;

--айыл аймагынын  ичинде жашаган жарандык коомдун жана жергилктүү жамаатттын өкүлдөрү (макулдашуу  боюнча)

Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык  кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.

  1. Жарандык коомдун жана жергилктүү жамаатын өкүлдөрүнөн 21жашка толгон,

атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын  жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.

  1. Жарандык коомдун жана жергилктүү жамааттын өкүлдөрүнөн:

-соттун  чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп

табылган;

-соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган 

соттулугу бар;

-акталбаган негиздер боюнча соттук кугунтуктоосу (жазык иши) токтотулбаган, мурда

жазык жоопкерчилигине тартылган;

            -медициналдык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылганадам комиссиянын мүчөсү боло албайт.

  1. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергилктүү кенеш  Комиссиянын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген  учурдан тартып токтотулат
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укутары ошондой эле:

            - жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу  жазуу жүзүндө арыз берген учурда;

            -комиссия мүчөсү муниципалдык  кызматын токтоткондо;

            - Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

            -күчүнө кирген  соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке ждөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыздайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;

            -медициналык  корутундуга  ылайык Комиссиянын  мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укутарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда ;

            - Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жоосун жасаган учурда;

            -комиссия мүчөсү өлгөндө;

            -Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын   чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн  чыгып кеткенде;

            - Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын   жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын    жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

                -жергилктүү кенештин депутаты катары  ыйгарым укуктарын  мөөнөтү аяктаганда;

            -жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан  өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат

  1. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандан 15календардык күндөн кеч эмес бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес  аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулуш мүмүкүн.
  3. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынан ыйгарым укутары токтотулгандан 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.

 

3.Комиссиянын ишинин тартиби.

 

 17.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.

18.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын

отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдын түшүшүнө карат) өткөрүлөт. Комиссиянын  отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан  аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.

            19.Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму  укутуу болот. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чичим кабыл алынды деп эсептелет.

  1. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган  тартипте карайт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруу  органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү  боюнча ыйгарым укук берилген кызмат  адамдарынын  тизмегин аныктайт.
  3. Комиссия чечимди аныктама же токтом турундө чыгырыт.
  4. Комиссия бузу жөнүндө ишти карап чыгып;

            а)  төмөндөгү токтомдордун бирин чыгырат

            1)  жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

            2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекс 29-берене)

            3)  иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

            б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

  1. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук  кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ышырылат.

 

 

4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери.

 

  1. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
  2. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
  3. Комиссиянын мүчөлөрү:

            Төмөндөгүлөргө милдеттүү

            -Комиссия тарабынан каралып жаткан бузу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;

            - бузу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;

            - Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

            - жүрүм турумдун  этикасынын эрежелерин сактоого;

            -Комиссиянын  отурумдарынын протоклоуна кол коюуга.

 

            Төмөндөгүлөргө  укутуу

            -бузуу жөнүндө иштерге катышып жатканда адамдарга суроо берүүгө;

            -бузуу  жөнүндө иштер боюнча кабыл алынап жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;

            - Кодексте каралган башка укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

            -Комиссиянын ишмердүүлүгүн  пландаштыруу жана жетектөө;

            -Комиссиянын  отурумдарында төрагалык кылуу;

            -Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;

            - Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка докуметтерине кол коюу;

            - Комиссиянын  ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.

            Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укутарынан  сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:

            -өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик  бийликтин органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

            -Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген  маселелер  боюнча тапшырмаларды  берүүгө;

            -ушул жобого жана Кодекске  ылайык башка укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын  мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:

            -бузуулар жөнүндө иштерди  Комиссиянын  отурумунда кароого алдын-ала даярдоону  уюштурат;

            -Комиссиянын  төрагасынын  тапшырмаларын аткарат;

            -Комиссиянын  төрагасы жок болгон учурда  анын ыйгарым  укутарын ишке ашырат;

            -ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка  функцияларды аткарат.

  1. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин  аткаруудан  сырткары:

            -бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого  алдын-ала даярдоону уюштурат;

            -Комиссиянын төрагасынын  тапшырмаларын аткарат;

            -Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;

            -ушул Жобого жана Кодекске  ылайык башка  функцияларды  аткарат.

  1. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын  мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары;

            -бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

            -өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишкеашырат;

            -Комиссиянын  төрагасынын  тапшырмаларын аткарат;

            -келип түшкөн материалдарды, бирдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин  көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган  кабарларды  кабыл алат жана каттайт;

            -бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан  чыгарылган  токтомдорду жана аныктамаларды  Кодекстин жана ушул Жобонун  талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

            - Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө  катышып жатышкан  адамдарды талаптагыдай ишти  кароонун  убактысы жана орду тууралуу кабарландырат,  аларды Комиссиянын кароосуна  киргизилген иштердин материалдары  менен  тааныштырат;

            -Комиссиянын отурумдарынын  протоколун  жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;

            -Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;

            -аныктамалардын жана токтомдордун  көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга  белгиленген  мөөнөттөрдө  тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат.

            -Комиссия тарабынан  чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга тадданууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;

            -Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларды жана токтомдорду аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

            -Комиссиянын иш кагаздарынын жүрүгүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;

            -бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажырыйбасын  иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу чечимдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

            -отчеттуулукту жана статистикалык  отчеттуулукту түзөт;

            -Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди  аткарат.

            Комиссиянын  катчысы  убактылуу  жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын  төрагасынын  тапшыруусу боюнча  комиссиянын  мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

  1. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:

            -бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын  мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн,адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун  туугандары болушса;

            -иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыктар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого  катышууга  акысы жок.

 

5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

 

  1. Иш кагаздын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал булл иштин  абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтарды өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
  3. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл дакументтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүрүгүзүлөт.
  4. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы  дайындалгандан  кийинки күндөн кеч эмес  жиберилиши керек (№3 тиркеме).

            Жиберилген  кабарлама адресатка  тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, булл тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча  кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

            Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.

  1. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
  2. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:

            -бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

            - отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;

            - белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;

            - ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.

            Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.

  1. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
  2. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
  3. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
  4. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналын жүргүзө алат:

-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;

- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).

  1. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
  2. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
  3. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме – уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  11-сессиясы 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 14.12.2018-жыл

Токтом

№ 46а

 

Кргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө.

 

       Кргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамын жана  айыл өкмөтүнүн комиссия курамы боюнча сунуш катын  бекитүү жөнүндө  маселе  каралып  талкууларынын  негизинде   Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз   11-сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамы бекитилсин.(комиссия курамы 1баракта тиркелет)

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика,  социалдык  маселелер  жана дин  иштери»  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Колдук айылдык кенешинин

торагасы :__________________Б.Сатыгулов

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешини

2018-жылдын 14-декабрдагы № _44_токтому

менен  бекитилген

 

КыргызРеспубликасынын жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча  комиссия курамы 

 

Иманалиев Маданбек Рысбекович

Айылдык кенешке депутат  комиссия курамынын төрагасы

Калдарбеков Жанибек Насирович

Айыл башчы комиссия  курамынын катчысы

Акышов Камал

айыл туругуну. Комиссия курамынын мүчөсү  (макулдашуу менен)

Артыков Орозбой Адиевич

Чалк-Өйдө айылынын айыл башчысы  комиссия курамынын мүчөсү

Малаева Айгүл Нарматовна

айыл тургуну.  (макулдашуу менен) комиссия курамынын мүчөсү

Каримов Жанибек Ысманалиевич

айылдык кенешке депутат комиссия курамынын мүчөсү

Эгембердиев Азиретаалы Абдиманапович

айыл тургуну.  (макулдашуу менен) комиссия курамынын мүчөсү

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                                           Н.Таңырыков

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин чакырылышынын кезектеги    8 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 21.12.2018-жыл

Токтом  № 47

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2019-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү  2020-2021жылдарга  долбоорун кароо жөнүндө 

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2019-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү  2020-2021-жылдарга  долбоорун кароо жөнүндө  маселени  айылдык кенештин бюджет, салык  жана социалдык  маселелер боюнча туруктуу  комиссиясында алдын ала  каралып, алардын сунуштарынын негизинде Көлдүк айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

  1. 2019-жылы Көлдүк айыл өкмөтүнүн  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары   5165,4 мин   мин сом өлчөмүндө    бекитилсин (№1тиркеме).
  1. Айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга  жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү  №2тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
  2. 2019-жылга чегерүүлөрдүн  ченемдери  төмөнкүлөрдөн  белгиленсин.

а) жалпы мамлекеттик  салыктык түшүүлөрдөн  салык агенти  тарабынан  төлөнүүчү киреше  салыгынын  жана  айылдардын  жергиликтүү бюджеттери үчүн  сатуудан түшкөн салыктан -50 пайыз  өлчөмүндө:

б) ыктыярдуу патент  негизинде салыктан  милдеттүү  патенттөө  негизинде  салыктан,  бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн  айылдардын  жергиликтүү бюджеттеринин  тескөсүнө 100пайыз өлчөмүндө

в) жер казынасын  пайдалангандыгы үчүн  салыктан (стратегичлык  пайдалуу кендерди: алтынды, газды  кошпогондо, роялти)  алардын иштетилген  жери (жайгашкан орду)  боюнча  айылдардын  тийешелүү  жергиликтүү  бюджеттерине -50 пайыз өлчөмүндө:

г) жер казынасын  пайдалануу  үчүн  салыктан  (бонустар) республикалык  бюджетке -100пайыз өлчөмүндө  белгиленси.

  1. Жергиликтүү  салыктардан  жана салыктык эмес  жыйымдардан  түшүүчү  жергиликтүү  бюджеттердин  кирешелери  башка  денгээлдеги  бюджетке  алынууга жатпастыгы белгиленсин.
  2. Мыйзам мене  каралган  ыйгарым  укуктардын  чектеринде, жер салыгы  боюнча  базалык ставкаларды  же коэфициенттерди   жогорулатуу  боюнча жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдары тарабынан  чечимдерди  кабыл алуунун  эсебинен  жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул  2018-

 

жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенеши  тарабынан  кабылалган  Мыйзам менен бекитилген  2020-2021-жылдарга теңөөчү гранттардын  өлчөмдөрдүн  өзгөртүү  үчүн негиз болуп  саналбасы  белгиленсин.

  1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын  негизги  принсиптери жөнүндө  Мыйзамынын 21-беренесине  ылайык  айыл өкмөтүнүн  резервдик  фонду  51,7мин сом  өлчөмүндө белгиленсин.
  2. Айыл өкмөтүнө 2020-2021-жылдарга  жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын  каржылоо  биринчи кезектеги  тартипте  корголгон  беренелер (эмгек акы, социалдык  фондко  чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана  милдеттүүм  медициналык  камсыздандырууга  чегерүүлөр.) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча  жүзөөгү ашыруу сунушталсын.
  3. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды  биринчи кезектеги  тартипте  корголгон  беренелер  жана  коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр  боюнча  чыгашаларды  каржылоого  багытталсын
  4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен  комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
  5. Айыл өкмөтү  тарабынан  максаттуу багытталышы  боюнча  пайдаланылбаган  Кыргыз Республикасынын бюджетинин  каражаттары  тийешелүү  бюджеттерге  өндүрүп алынаары эске  алынсын.
  6. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары  белгиленсин.
  7. Айлананма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына карата  50.0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
  8. Жайыт пайдалануучулардан  түшкөн аренда акысыказына аркылуу төгүлүп, максатуу  жумшоо жагы жайыт комитетине эскертилсин.
  9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коиссиясына тапшырылсын.

 

 

Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы                                  Б.Сатыгулов.

 

 

 

 

№47 токтом № 1-тиркеме

 

2019-жылга Көлдүк айыл өкмөтүнүн бюджетинин бекитилиши боюнча маалымат

 

Киреше бөлүгү

Кирешелердин түрлөрү

Сумма

Эскертүү

1

Подоход салыгы

928,0

 

2

Милдеттүү патент 

25,0

 

3

Ыктыярдуу патент

77,0

 

4

Кыймылсыз мүлк салыгы

10,0

 

5

Транспорт салыгы

180,0

 

6

Физ.жер  салыгы

95,0

 

7

Юрид.жер салыгы

142,3

 

8

Айыл чарба эмес жер салыгы

30,0

 

9

Сатыктан алынуучу салык

94,0

 

10

КБФ аренда жер  салыгы

269,8

 

11

Жайыт аренда салыгы

100,0

 

12

Таштанды  чыгаруу

23,0

 

13

Мамлекеттик пошлина

0,0

 

14

Админ. Штраф

0,0

 

 

Бардыгы жергил.салыктар жыйынтыгы 

1974,1

 

15

Теңдештирүү  грант

3191,3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгы

5165,4

 

 

2019-жылга  Көлдүк айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  чыгаша бөлүгү

 

Бөлүмдүн аттары

Сумма

Эскертүү

1

Мамлекеттик башкаруу

3449,7

 

2

Айыл чарбасына

54,7

 

3

ЖКХ

537,1

 

4

Маданият тармагына

454,9

 

5

Билим берүүгө

534,0

 

6

Соц коргоо

35,0

 

7

Жайыт комитетине

100,0

 

 

Жыйынтыгы

5165,4

 

 

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                Н.Таңырыков

 

 

№47 токтом № 2-тиркеме

 

2020-2021-жылдардын  кереше жана чыгаша  боюнча  болжолдуу  киреше бөлүгү 

Кирешелердин түрлөрү

2020-жыл

2021-жыл

1

Подоход салыгы

1236,0

1562,0

2

Милдеттүү патент 

25,0

25,0

3

Ыктыярдуу патент

77,0

77,0

4

Кыймылсыз мүлк салыгы

10,0

10,0

5

Транспорт салыгы

180,0

180,0

6

Физ.жер  салыгы

95,0

95,0

7

Юрид.жер салыгы

142,3

142,3

8

Айыл чарба эмес жер салыгы

30,0

30,0

9

Сатыктан алынуучу салык

52,0

0,0

10

Аренда жер салыгы

269,8

269,8

11

Жайыт жерлердин  ижара акысы

100,0

100,0

12

Таштанды  чыгаруу

23,0

23,0

13

Мамлекеттик пошлина

0,0

0,0

 

Бардыгы жергиликтүү салыктар 

2240,1

2514,1

14

Теңдештирүү  грант

3143,1

2946,8

 

Жыйынтыгы

5383,2

5460,9

 

 

Чыгаша бөлүгү

 

Бөлүмдүн аттары

2020-жыл

2021-жыл 

1

Мамлекеттик башкаруу

3460,0

3511,5

2

Айыл чарбасына

150,4

152,5

3

ЖКХ га (турак жай)

590,7

599,2

4

Маданият тармагына

498,5

505,7

5

Билим берүүгө

537,9

545,6

6

Соц коргоо

45,7

46,4

7

Жайыт комитетине

100,0

100,0

 

Жыйынтыгы

5383,2

5460,9

 

 

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                Н.Таңырыков

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин чакырылышынын кезектеги    8 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 21.12.2018-жыл

Токтом  № 48

 

Көлдүк жайыт комитетинин 2018-2020-жылдарга туруктуу өнүкүтүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө  

 

Көлдүк жайыт комитетинин 2018-2020-жылдарга туруктуу өнүкүтүрүү стратегиясын «Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча  туруктуу комиссиянын  талкуусунун негизинде  Көлдүк айылдык кенеши төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

           

 

  1. Көлдүк жайыт комитетинин 2018-2020-жылдарга туруктуу өнүкүтүрүү стратегиясын бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин

                                     төрагасы                                                     Б.Сатыгулов

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин чакырылышынын кезектеги    8 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 21.12.2018-жыл

Токтом № 49

 

Көлдүк жайыт комитетинин 2018-жылдын аткарган финансылык  иштерин кайрадан кароо жөнүндө 

 

Көлдүк жайыт комитетинин 2018-жылдын аткарган финансылык  иштерин кайрадан кароо  боюнча жайыт комитетинин төрагасынын  Банктык  китепчесинин ОПП Көлдүк Расчетный счет 2018-жылдагы отчетун карап  Көлдүк айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын поручениелерин  карап жана талкуулап Көлдүк айылдык кенеши төтөмдөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ           

 

  1. Көлдүк Жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде  аткарган финансылык отчету   канааттандырарлык эмес деп табылсын.

 

  1. Көлдүк жайыт комитетинин төрагасы Т.Абдыкалыковдун  Банктык  китепчесинин ОПП Көлдүк Расчетный счет 2018-жылдагы отчетун аныктыгын текшерип  келүү жагы  жайыт комитетинин  ривизиялык комиссиясынын төрагасы К.Өмүровго  милдеттендирилсин. 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин

                                     төрагасы                                                     Б.Сатыгулов

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин   чакырылышынын кезексиз  13 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 25.12.2018-жыл

Токтом   № 50

 

Көлдүк айылдык кенешинин Төрагасы Б.Сатыгуловдун төрагалык кызматтан бошоо жөнүндө арызы жана Көлдүк айылдык кенешине төрага  шайлоо жөнүндө.

 

Көлдүк айылдык кенешинин төрагасы Б.Сатыгуловдун төрагалыктан бошоо жөнүндө арызын карап жана депутаттардын  шайлоодогу ачык добуштарды эске алып  сунуштардын негизинде Көлдүк айылдык кенеши  VI чакырылышынын кезексиз  13 сессиясы  төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көлдүк айылдык кенешинин төрагасы Б.Сатыгулов өзүнүн жазган арызынын негизинде  төрагалык кызматынан бошотулсун.

 

  1. Көлдүк айылдык кенешинин депутаттарынын ачык добушун эске алып Көлдүк айылдык кенешинин төрагасы болуп Нурали уулу Алманбет шайлансын.

 

  1. Депутаттардын алмашуусун эске алып туруктуу комиссиясынын курамы  тиркемеге  ылайык бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тараганын орун басары Ө.Жалиловго милдеттендирилсин.

 

 

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин

     төрагасынын орун басары;     Ө.Жалилов 

 

«Бекитемин»

Көлдүк айылдык кенешинин

төрагасынын орун

басары  ___________Ө.Жалилов  

25.12.2018-жылдагы

№50токтомуна № 1тиркеме

 

Көлдүк айылдык кенешинин   13 кезексиз   сессиясынын  чечими менен  Көлдүк айылдык  аймактын  туруктуу комиссиясынын курамы.

 

 

  • «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика,  социалдык  маселелер  жана дин  иштери»  боюнча.

 

  1. Иманалиев Маданбек     комиссиянын төрагасы
  2. Сатыгулов Баатыр мүчөсү.
  3. Аттокуров Асан мүчөсү.

 

 

  1. «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  инвестиция» маселелери боюнча 

 

  1. Матоморов Рахматулла       комиссиянын  төрагасы
  2. Темирбаев Нурбек мүчөсү
  3. Каримов Жанибек мүчөсү

 

3) «Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча  туруктуу комиссиянын  курамы

 

  1. Кадыров Байышбек комиссиянын төрагасы
  2. Курманкулов Нурустам мүчөсү
  3. Туташов Алтынбек мүчөсү.

 

 

Жооптуу катчы:_______________Н.Танырыков

 

 

  

Көлдүк айылдык кенешинин чакырылышынын кезексиз  13 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 25.12.2018-жыл

Токтом  № 51

 

Көлдүк жайыт комитетинин 2018-жылдын аткарган финансылык  иштерин жана  жайыт комитетинин ривизиялык  комиссиясынын корутундусун кароо жөнүндө

 

Көлдүк жайыт комитетинин 2018-жылдын аткарган финансылык  иштерин жана жайыт комитетинин  ривизиялык комиссиясынын билдирүүсүн карап жана талкуулап Көлдүк айылдык кенеши төтөмдөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

           

 

  1. Көлдүк Жайыт комитетинин ривизиялык  комиссиясынын билдирүү каты жана актысы   эске алынсын жана Көлдүк жайыт комитетинин  төрагасы Т.Абдыкалыковдун 2018-жыл ичинде  аткарган финансылык отчету   канааттандырарлык эмес деп табылсын. 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Көлдүк  айылдык кеңешинин

                 төрагасынын орун басары;                                                       Ө.Жалилов 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  13 сессиясынын токтому

  

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          25.12.2018-жыл

 Токтом  №52

 

«Ардактуу атуул  наамын берүү жөнүндө».

 

      Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап  Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  13 сессиясынын төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ      КЫЛАТ.

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн айылдык окуругун  социалдык-экономикалык абалын  жакшыртууда  жана  Көлдүк айыл   жашоочуларынын  социалдык  абалын жакшыртууга, жаш спортчуларды ар тараптан  колдогону үчүн Көлдүк айыл аймагынын  тургуну Назилбеков Салман Сатыгулович   Көлдүк айылдык кенешинин «ардактуу атуул наамы» ыйгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө

жүктөлсүн.

          

  

Көлдүк  айылдык кеңешинин

                 төрагасынын орун басары;                                                        Ө.Жалилов 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  14 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          26.12.2018-жыл

 

Токтом  №53

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга декабрь ай ичинде  Республикалык бюджеттен трансферттердин  эсебинен  киреше булагынан  түшкөн 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражатын бюджеттик  тармактарга чыгымдоо  үчүн бөлүштүрүү жөнүндө

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга декабрь ай ичинде  Республикалык бюджеттен трансферттердин  эсебинен  киреше булагынан  түшкөн 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражатын бюджеттик  тармактарга бөлүштүрүү боюнча  айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн  угуп  талкуулап, Көлдүк айылдык кенеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга декабрь ай ичинде Республикалык бюджеттен трансферттердин  эсебинен  киреше булагынан  түшкөн 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражатын бюджеттик  тармактардын муктаж  болгон беренелерине  жумшалсын.
  2. Кошулмча акча каражатынын эсебинен  айыл чарбасына 400 000 (төрт жүзмиң) сом  өлчөмүлдө  акча каражаты бөлүнсүн.
  3. Республикалык бюджеттен бериллүүчү трансферттерден түшкөн  киреше  булагынан 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражаты  бюджеттик  тармактардын  муктаж болгон  беренелерине  максаттуу жумшоо жагы  айыл өкмөтүнүн  башчысына жүктөлсүн. 
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы                                   Нурали уулу Алманбет.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  14 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          26.12.2018-жыл

 

Токтом  №54

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 12 ай ичинде жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринен 337 400 (үч жүз отуз жети мин төрт жүз) сом акча каражатын бюджеттик тармактарга жылдырып чыгымдоо үчүн бөлүштүрүү жөнүндө

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 12 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин чыгаша булагынын беренелеринен  үнөмдөлгөн 337 400 (үч жүз отуз жети мин төрт жүз) сом акча каражатын бюджеттик тармактарга жылдырып бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Көлдүк айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 12 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринен 337 400 (үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын
  2. /нөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринин эсебинен аппараттык башкармадан 195,8 (бир жүз токсон беш мин сегиз жүз) сом, маданият тармагынан 43,1 (кырк үч миң бир жүз) сом, турак жай комуналдык чарбалардан 98,5 (токсон сегиз миң беш жүз) сом сом өлчөмүндө акча каражаты кемитилип бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын.
  3. Жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринин эсебинен 337 400 (үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы                                   Нурали уулу Алманбет.

           

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезектеги  9 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          16.02.2019-жыл

Токтом

№55

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетине 2019-жылга кошумча каражат  кароо боюнча бекитүү жана айыл өкмөтүнүн  атайын каражаты боюнча 2019-жылга бекитүү жөнүндө

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалар боюнча аткарылышы жана Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергилктүү бюджетине кошумча каражат кароо боюнча 01.01.2019-жылга айланма кассалык 12 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин чыгаша булагынын беренелеринен  үнөмдөлгөн 337 400 (үч жүз отуз жети мин төрт жүз) сом акча каражатын бюджеттик тармактарга жылдырып бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Көлдүк айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 12 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринен 337 400 (үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын

 

  1. /нөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринин эсебинен аппараттык башкармадан 195,8 (бир жүз токсон беш мин сегиз жүз) сом, маданият тармагынан 43,1 (кырк үч миң бир жүз) сом, турак жай комуналдык чарбалардан 98,5 (токсон сегиз миң беш жүз) сом сом өлчөмүндө акча каражаты кемитилип бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын.
  2. Жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринин эсебинен 337 400 (үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы                                   Нурали уулу Алманбет.

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  15 сессиясынын токтому 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          14.03.2019-жыл

 

Токтом

№56

 

«Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан  даярдалган Көлдүк айыл өкмөтүнүн калк конуштарынын чек араларын  тактоо боюнча  иш кагаздарын  карап чыгып төмөндөгүдөй

  

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Көлдүк айыл өкмөтүнүн калк конуштарынын чек араларын  тактоодо сызылган  сызык боюнча бекитилсин. 
  1. Бул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

 

 

Көлдүк айылдык

кеңешинин төрагасы                                                        Нурали уулу Алманбет.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезектеги  10 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          17.05.2019-жыл

 

Токтом

№57

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2018-жыл ичинде  аткарган финансылык  аткарган иштери жөнүндө

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн  2018-жыл ичинде  аткарган финансылык  аткарган иштери боюнча Көлдүк айыл өкмөтүнүн  ФЭБнүн башчысы кезектеги эмгек өргүүдө болгондуктан жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде  аткарган финансылык  аткарган иштери боюнча очету белгилүү себептерден улам  кийинки сессияга  жылдырылсын

      2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  инвестиция» маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Көлдүк айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                    Нурали уулу Алманбет.

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезектеги  10 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          17.05.2019-жыл

 

Токтом

№58

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылынын тугундары Кулуева Ж, Курманкулова Г, Сагындыков С, Осмонов Б  жана Чалк-Өйдө айылынын тургуну Төлөнбаева Жайнагүлдүн  арыздарын  кароо жөнүндө.

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылынын тугундары Кулуева Ж, Курманкулова Г, Сагындыков С, Осмонов Б  жана Чалк-Өйдө айылынын тургуну Төлөнбаева Жайнагүлдүн  арыздарын  кароодо айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Бопоев жана жер жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис М.Жусуповтор катышпай  калдыктан  айрым депутаттардын сунушун эске  алып төмөндөгүдөй;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылынын тугундары Кулуева Ж, Курманкулова Г, Сагындыков С, Осмонов Б жана Чалк-Өйдө айылынын тургуну Төлөнбаева Жайнагүлдүн  арыздарын  кароодо айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Бопоев жана жер жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис М.Жусуповтор катышпай  калдыктан  айрым депутаттардын сунушун эске  алып  кийинки сессияга  калтырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын  курамы  тапшырылсын.

 

Көлдүк айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                   Нурали уулу Алманбет.

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезектеги  10 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          17.05.2019-жыл

Токтом

№59

 

Көлдүк жайыт комитетинин жазгы жана жайкы жайыттарга жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

 

Көлдүк жайыт комитетинин жазгы жана жайкы жайыттарга жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүүдө талкууларды жана сунуштарды эске алып жайыттарды  сарамжалдуу пайдалануу максатында  төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Көлдүк жайыт комитетинин жазгы жана жайкы жайыттарга жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүүдө талкууларды жана сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.

-- Өмүров Кубанычбек комиссия курамынын төрагасы.

--Туташов Алтынбек  комиссия курамынын мүчөсү

--Курманкулов Нурустам комиссия курамынын мүчөсү

--Кадыров Байышбек  комиссия курамынын мүчөсү

--Калдарбеков Жанибек комиссия курамынын мүчөсү

--Артыков Орозбай комиссия курамынын мүчөсү

--Жусупов Мирлан комиссия  курамынын мүчөсү

--Ташбаев  Жанибек комиссия курамынын мүчөсү

--Жунусбаев Базарбай комиссия курамынын мүчөсү

  1. Түзүлгөн комиссия курамы төмөндөгү иш-аракеттерди жасашсын

Жазгы жайкы жайыттардагы жайгашуу жана малдардын  ар кандай жугуштуу ооруларынын алдын ала эмделүүсү, башка айылдан келген малдардын эмделгендиги же эмделбегендиги тууралуу текшерүү иштерин. Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл-чарба жер, токой маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын  курамы  тапшырылсын.

Көлдүк айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                   Нурали уулу Алманбет.

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  16  сессиясынын токтому 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          14.06.2019-жыл

 

Токтом

№60

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомуна  ылайык Кыргыз Мамлекеттик Жер долборлоо  институту тарабынан  иштелип чыккан жер  фондун  инвентаризациялоо  жумуштары жөнүндө

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомуна  ылайык Кыргыз Мамлекеттик Жер долборлоо  институту тарабынан  иштелип чыккан жер  фондун  инвентаризациялоо  жумуштары жактырылсын.

 

  1. Көлдүк айыл аймагындагы 2018-жылдын 18-июнундагы № 93-б  буйругуна ылайык  түзүлгөн  комиссия менен  биргеликте  иштелип чыккан  жер фондун  инвентаризациялоо  материалдары бекитилсин.

 

 

  1. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы  боюнча туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                   Нурали уулу Алманбет.

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз   19 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          18.06.2019-жыл

 

Токтом

№61

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинеөзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

            АРИС тарабынан каржыланган Э.Атакулов атындагы орто мектебинин капиталдык  ремонттон  өткөрүп  жылытуу  системасын куруу боюнча долбооруна каралган 160 000(жүз алтымыш миң) сом айыл өкмөттүн өздүк салымы  бюджетте  каралбай калгандыктан, ремонт жумуштарын  үзгүлтүккө учуратпоо  максатында  Көлдүк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Э.Атакулов атындагы орто  мектептин капиталдык ремонтуна  айыл өкмөттүн эсебинен тиешелүү акча каражаты бөлүнсүн.

 

  1. Башкаруу тармагынан сметасынын  сапар чыгымдарынын 40 000(кырк миң) сом, ар кандай чыгымдар беренесинен 50 000(элүү миң), билим берүү тармагынын  ар кандай чыгымдар  беренесинен 70 000 (жетимиш миң) сом акча  каражаты  билим берүү тармагынын  капиталдык ремонт  беренесине (3111) жылдырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                       төрагасы:                                      Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезектеги   11 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          08.08.2019-жыл

 

Токтом  №62

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин 6айлыгынын  аткарылыш боюнча кошумча каражат кароо жөнүндө

            Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 айлыгынын жыйынтыгы боюнча 65000сом  өлчөмүндө ашыкча каражат топтолгондуктан финансы жана жана экономика боюнча туруктуу  комиссиясында  каралып, ФЭБ башчысынын  милдетин аткаруучунун  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап  Көлдүк айылдык кенеши төмөндөгүдөй 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин алты айлыгына карата  киреше бөлүгү 65,0миң сомго ашыкча  аткарылганы  белгиленсин.

 

  1. Киреше бөлүгүндөгү 65,0миң сом акча каражаты бюджеттик тармактардын турак жай жана  коммуналдык  чарбаларга бөлүнсүн жана муктаж болгон  беренелерге жумшалсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 Көлдүк айылдык кенешинин

                                       төрагасы:                                      Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезектеги   10 сессиясынын токтому 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          08.08.2019-жыл

 

Токтом

№63

ПРООН менен биргеликте Э.Атакулов атындагы орто мектебин полдоо жана нымдуулукту азайтуу боюнча жүрүп жаткан курулушту каржылоо үчүн 2-трашына келип түшкөн акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүү жөнүндө

             

ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. ПРООН менен биргеликте Э.Атакулов атындагы орто мектебин полдоо жана нымдуулукту азайтуу боюнча жүрүп жаткан курулушту каржылоо үчүн 2-трашы үчүн бөлүнгөн 93,0 миң сом акча каражаты атайын акча каражаттар эсеп счетунун 31112390 бөлүмүнө кошумча  план  болуп чегерилсин.

 

  1. Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражаттын которуу ФЭБнүн милдетин убактылуу  аткаруучу  Н.Таңырыковго  жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                       төрагасы:                                      Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  17 сессиясынын токтому

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          06.09.2019-жыл

 

Токтом №64

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 1997-жылдагы  №226 токтомуна  ылайык колхоз-совхоздордун  чек-араларында жайгашкан токойлуу жерлерди тактоо, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин, Өзгөн токой  чарбасынын жерине алмаштыруу жөнүндө

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдагы  №226 токтомуна  ылайык колхоз-совхоздордун  чек-араларында жайгашкан токойлуу жерлерди жайгашкан 197га жер аянты  1993-жылы үлүш жерден Өзгөн токой чарбасына берилип калган, ошол жердин ордуна 197га Чат участкасындагы экме токой аянттары, ошондой эле  Ничке участкасындагы “Тал” участкасындагы  токой аянттары Өзгөн токой чарбасына  өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Мамкатоонун Өзгөн райондук  башкармасынын бекитилип берилген  жер тилкесине болгон менчик  укугун каттоону жана  Өзгөн  шаарынын  шаар куруу жана архитектура  башкармалыгынан  аталган жер тилкесине  архитектуралык эрежелер боюнча  мыйзам ченеминдеги  уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.

 

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы  боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет. 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 14.09.2019-жыл

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезексиз 19 сессиясы

 

ТОКТОМ № 66

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жыл  ичинде аткарылган  финансылык отчетунун аткарылышы   жөнүндө

 

       Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде  аткарылган  финансылык отчетунун аткарылышын талкуулап  жана  сунуштарды эске алып  Көлдүк айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын  кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат

 

ТОКТОМ

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде аткарылган  финансылык отчету  канааттандырарлык деп табылсын (тиркелет айыл өкмөтүнүн отчету)

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 14.09.2019-жыл

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезексиз 19 сессиясы

 

ТОКТОМ № 68

 

ПРООН менен биргеликте  Алай-Булак участкасындагы элди таза суу менен камсыз кылуу боюнча 2-траншына келип түшкөн акча каржатын бюджеттик  тармакка бөлүү жөнүндө. 

 

  1. ПРООН менен биргеликте Алай-Булак участкасындагы элди таза суу менен камсыз  кылуу боюнча 2-траншы үчүн бөлүнгөн 95,500 (токсон беш миң беш жүз) сом акча каражаты  атайын акча каражаттар эсеп счетунун 31112390 бөлүмүнө кошумча  план болуп  чегерилсин.

 

  1. Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын которуу ФЭБнүн  милдетин убактылуу аткаруучу Н.Таңырыковго жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 11.10.2019-жыл

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезектеги 12 сессиясы

 

ТОКТОМ № 70

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айлындагы Р.Конкошев атындагы №12 орто мектебинен эски имаратын бузуу жөнүндө

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезектеги12сессиясысынын  күн тартибиндеги маселени   айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевдин маалыматындагы 2019-жыл  Кыргыз Республикасында  Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү  жылына  карата Р.Конкошев атындагы №12 орто мектебинин  жаң имаратынын курулушунун башталышы жана  азыркы эски имаратын бузуу  боюнча   талкуулап төмөндөгүдөй токтом  кылат.

 

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айлындагы Р.Конкошев атындагы №12 орто мектебинен эски имараты 2019-жылдын 15-октябрынан баштап  бузулсун  жана  мыйзамдуулугун айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караев көзөмөлдөсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет.  

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 22.10.2019-жыл

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезексиз 20 сессиясы

 

ТОКТОМ № 71

 

Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  алты айлык финасылык  аткарган отчету  жөнүндө.

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезексиз 20 сессиясысынын  күн тартибиндеги маселени   айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевдин маалыматын  угуп айылдык кеңешинин  орун басары Ө.Жалиловтун сунушун эске алып  төмөндөгүдөй токтом  кылат.

  

  1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын алты айлык финасылык  аткарган  отчетун алуу  кийинки  сессияга жылдырылсын

       2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

 

 

Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 22.10.2019-жыл

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын  кезексиз 20 сессиясы

 

ТОКТОМ № 72

 

Шамал-Терек айылындагы Р.Конкошев атындагы №12 орто мектебинин  эски имаратынын жарактуу  материалдарын   сатуу  жөнүндө

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын  кезексиз 20 сессиясысынын  күн тартибиндеги маселени   айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевдин жана мектеп  директору  К.Нышанбаевдин маалыматын угуп  төмөндөгүдөй токтом  кылат. 

 

 

  1. Шамал-Терек айылындагы Р.Конкошев атындагы №12 орто мектебинин жаңы курулуш иштери башталгандыгына байланыштуу мектептин  эски имаратынын  жарактуу деген  материлдары  сатылсын.

 

  1. Сатуу иш-чараларын уюштуруу мектепти бузуу боюнча  атайын түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

  

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет. 

 

 

 

 

 

 

Көлдүк айылдык  кенешинин  VI чакырылышын кезексиз  21 сессиясынын токтому

 Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                          11.11.2019-жыл 

 

Токтом №74 

«Ардактуу атуул  наамын берүү жөнүндө».

 

      Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап  Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз  21 сессиясынын төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ      КЫЛАТ.

 

  1. Көлдүк айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө   кошкон зор салымы жана уул-кыздарына тарбия берүүдө үлгү боло алгандыгы үчүн  Көлдүк айыл аймагынын  Шамал-Терек  айылынын  тургуну Айдаров Төрөбай    Көлдүк айылдык кенешинин «Ардактуу атуул наамы» ыйгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө

жүктөлсүн.

          

 

 

Көлдүк айылдык кенешинин

                                   төрагасы:                                           Нурали уулу Алманбет.

 Колдук айыл кенеши

Шамал-Терек  айылы                                                                                 09.10.2017-жыл

Токтом №  21 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 6 сессиясынын токтому

 

Шамал-Терек айыл аймагында  Э.Атакулов атындагы орто мектебине жана ФАПка санитардык-гигиеналык  абалын жакшыртуу  максатында  айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетуна акча каражатын түшүрүп берүү жөнүндө 

 

Шамал-Терек  айылы                                                                                 09.10.2017-жыл

Токтом №  21

 

Көлдүк айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 6 сессиясынын токтому

 

Шамал-Терек айыл аймагында  Э.Атакулов атындагы орто мектебине жана ФАПка санитардык-гигиеналык  абалын жакшыртуу  максатында  айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетуна акча каражатын түшүрүп берүү жөнүндө

p class=params-