Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жыйырманчы   сессиясынын

ТОКТОМУ

          “19”январь  2024-жыл                           №96                           Кайрат айылы.

 Зергер айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

      Зергер  айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планын карап, талкуулап чыгып Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги  жыйырманчы   сессиясы  токтом  кылат:

1.Зергер  айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме).

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме  калтырам.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

                                           

                                                                                                                               

тиркеме

Зергер айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планы

1.Айылдык кеңешинин 2024–жыл үчүн иш планын бекитүү (2024-жыл, январь айы. кеңештин төрагасы).                                                                                                             

2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылы    кирешелер  чыгашалар боюнча  аткарылышы жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө (2024-жыл, январь айы, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссия, ФЭБ башчысы).                                                                                                                                                                   3.Зергер жайыт комитетинин 2023-жылы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга бюдетин бекитүү жөнүндө.(2024-жыл,март айы, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы ,жайыт комитети)                                                                                                                                   4.Социалдык тармакта аткарылып жаткан иштер жөнүндө. (2024-жыл, май айы, . Жаштар, спорт, маданият  жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтүнүн соцадиси).                                                                                                                                                                                                                            5.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетинин  кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө (2024-жыл август айы, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссия, Зергер айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы)                                                                                                                                6.Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2024-жыл, август айы, Жаштар, спорт, маданият  жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтүнүн соцадиси).                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                              7.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин  кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө (2024-жыл октябрь айы,Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссия, Зергер айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы.                                                                                                                                                                                     8.Зергер айыл аймагындагы ички жолдорду жергиликтүү  бюджеттин эсебинен оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү,  Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия ФЭБ бөлүмү,жер адис,айыл башчылар,2024-жыл,декабрь айы)                                                                                                                                 9.Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  аукцион аркылуу берүүдө  аткарылып жаткан иштер  жөнүндө (2024-жыл, декабрь айы, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия,жер адис,айыл башчылар).

 

Зергер айылдык кенешинин                                                                                                              жооптуу катчысы                                                  А.Адилбеков

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жыйырманчы   сессиясынын                                                                                                                                                 

ТОКТОМУ

                “19” январь 2024-жыл           № 97                     Кайрат айылы.

  Зергер айыл өкмөтүнүн  2023-жылы жергиликтүү  бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө  “Финансы,  экономика,  бюджет,  экономикалык  жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана  инвестиция  маселелери” боюнча  туруктуу комиссиясынын,Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ө.Шамурзаев маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   20-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  2023-жылы жергиликтүү  бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шамурзаевдин  маалыматы алымча кошумчалары менен кабыл алынсын.

  1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2024-жылы жергиликтүү бюджетинин  эсебинен аткарыла турган иш чаралары бекитилсин(тиркеме).                                                                                                           
  2. 3.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш”  боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

                                                         

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                      тиркеме

Зергер айыл өкмөтүнүн  2024-жылы жергиликтүү  бюджетинин  эсебинен аткарыла турган иш чаралары

Иш чаралар

 Аткарууга жооптуулар

1

Токтогул айылында   700 метр суу келүүчү каналды,  100 метр булак каналын тазалоо  тазалоо

Айыл башчы,жер адис

2

Токтогул айылындагы  мектептин эски  имаратын копиталдык ремонттон өкөрүү

Айыл башчы

3

Токтогул айылында  1975-жылы курулган  чирип калган электр чубалгылары кеткен 68 даана столболарды тактап  РЭТ ишканасына карабаган столбаларына пасинке цемент алып байлап бекемдөө.

Айыл башчы

4

Кутурган айылындагы Б.Келдибаев орто мектебине балдарга ысык тамак берүү үчүн ашкана шаймандарын талаптагыдай даярдоо.

Айыл башчы ,мектеп директору

5

Кутурган айылындагы Медет,  Шыйпыр жана Ай-Тийбес участкаларынын ички жолдорунаа  шагыл төшөө.

 

6

Кутурган айылындагы ветеринардык сервисдин алдындагы суу түшкөн жерди курулуш материалдарды алып   жабуу.

Ветадис

7

Жаны-Айыл айылында ремонт болуп жаткан бала бакчанын электр системасын, жылытуу системасын жасап  орнотуу

Айыл башчы ,мектеп директору

8

Жаны-Айыл айылындагы М. Токтогулов көчөсүн жарыктандыруу

айыл башчы

9

Айылдык ФАПка көмүр киргизүү  үчүн навес, ажаткана жана паровой куруу

Айыл башчы мектеп директору

10

Кайрат айылынын У.Исаков кѳчѳсүнѳ 200метр ички жолго шагыл тѳшѳѳ

Айыл башчы

11

Кайрат айылындагы А.Кадыров кѳчѳсүндѳгү РЭТ ишканасына караган электр мамычаларын алмаштырууга жана  КТП-150КВа трансформаторун  орнотууга тийиштүү документтерин даярдап жетишүү

Айыл башчы

12

Кайрат айылындагы У.Исаков кѳчѳсүнүнѳ КТП-150КВа трансформаторун онотууга тийиштүү документтерин даярдап жетишүү

Айыл башчы

13

Ничке-Сай айылынын  5 км  ички жолдоруна  шагыл төшөө.

Айыл башчы

14

Ничке-Сай айылындагы РЭТ ишканасына караган жогорку чыналуудагы  70 даана авариялык абалдагы  электр чубалгылары кеткен столбаларды РЭТ ишканасынын иш планына киргизип  алмаштырууга жетишүү

Айыл башчы

15

Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебин ыссык тамака киргизүү  үчүн ашкана куруу.

Айыл башчы мектеп директору

16

Зергер айылындагы К.Айтиев көчөсүнө 2 км шагыл төшөө

Айыл башчы

17

М.Сулайманов көчөсүндөгү жогорку чыналуүдагы  40 даана электр столбаларын  чубалгыларын күнгөй бетке которуу РЭТ ишканасынын иш планына киргизип ишке ашырууга жетишүү

Айыл башчы

18

Аюу айылынын 5 км ички жолуна шагыл төшөө (мазар жолу).

Айыл башчы

19

Айыл ичине 1 км жол боюна жарыктандыруу орнотуу

 

Айыл башчы

20

Көрктөндүрүү,жашылдандыруу жумуштарын аткарууга алуу менен арык каналдарды,жол боюн таштандылардан тазалоо.Көрнөк жарнактарды иретке келтирүү

Маданият үйү,айыл башчылар

21

Иш чаралаарга ылайык архитектуралык жана кадастр жумуштарын аткаруу, ген планга 4 айылды киргизүү.

Жер адис,айыл башчылар

22

Зергер айыл  аймагындагы кургак учук оорусуна чалдыкан атуулдарга, майыптарга,колдоого алынган үй-бүлөөлөргө, тоголок жетим балдарга материалдык социалдык төлөмдөрдү төлөө.

 

Соц адис,айыл башчылар.

23

Авган согушунун ардагерлерине, Баткен согушунун катышуучуларына Чернобыль кыйроосунун катышуучусуна                                       материалдык жардам берүү

 

Соц адис,айыл башчылар

24

8-Март аялдар күнүнө, 1-июнь балдар күнүнө, карыялар күнүнө,энелер күнүнө карата материалдык жардам берүү                                                              

Соц адис,айыл башчылар

25

Айыл аймак боюнча 7 айылдын талаа жолдорунун бузулган жерлерин сүрүп тегиздеп ондоо.

Жер адис,айыл башчылар

26

21-март Нооруз күнүнө,1-Май эл аралык эмгекчилердин күнүнө, 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык спортук иш чараларды өткөрүү

Маданият үйү,айыл башчылар

27

Республикалык ,областык олимпиадага,спортук мелдештерге катышкан окучууларга колдоо көрсөтүү

ФЭБ бөлүмү

28

Кесиптик майрамдарга байланыштуу иш чараларды уюштуруу

Маданият үйү, ФЭБ бөлүмү

29

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан айылдарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорун иш жүзүнө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тийиштүү иш чараларды көрүү

Соц адис,айыл башчылар

30

Жолбун ит мышыктарды,чөөлөрдү атып жок кылуу иш чараларын жүргүзүү

ветадистер,айы башчылар

 

Жооптуу катчы                             А.Адилбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жыйырманчы  сессиясынын                                                                                                                                                   

ТОКТОМУ                                                                                                                                                                        

“19”  январь 2024-жыл      № 98                     Кайрат айылы.

Зергер айыл өкмөтүнүн 2023-жылы бюджетинин аткарылышы  2024-жылга  бюджетин  бекитүү  жана  2025-2026-жылдарга болжолдуу бюджетин  бекитүү жөнүндө

       Зергер айыл өкмөтүнүн  2023-жылы бюджетинин аткарылышы  2024-жылга бюджетин бекитүү жана  2025-2026-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин   Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш”  боюнча   туруктуу  комиссиясында     алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги                                           20-сессиясы токтом кылат:                                                                                                                                                           

1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2023-жылы бюджетинин киреше бөлүгү  26240,5мин сомго чыгаша бөлүгү 25464,6 мин сомго аткарылганы  бекитилсин (тиркеме №1,№2).                                                                                

2.Зергер айыл өкмөтүнүн 2024-жылга  бюджетинин киреше бөлүгү  21433,5   мин сомго чыгаша  бөлүгү 21433,5 мин сомго бекитилсин (тиркеме №3,№4).                                                                                                               

 3.Айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга  жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү  2025-жылга  22821,2 мин  сомго, 2026-жылга   24091,2 мин  сомго белгиленсин.                                                                                                  4.2024-жылга чегерүүлөрдүн  ченемдери  төмөнкүлөрдөн белгиленсин:                                                                                   

а) Жалпы  мамлекеттик  салыктык түшүүлөрдүн ,салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан  жергиликтүү бюджеттерге 100% өлчөмүндө белгиленсин.                                                                                                                  

б) Ыктыярдуу  патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патенттин  негизиндеги салыктан,бирдиктүү салык негизинде  түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% пайыз өлчөмүндө;                                                                                                                                                                                                                    

в) Жер казынасын пайдалангандыгы  үчүн салыктан (стратегиялык  пайдалуу кендерди ,алтынды,мунайды,газды  кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү  жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө;                                                                                                           

г) Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке 50% өлчөмүндө белгиленсин.                                                                                                                                                            

5.Жергиликтүү слыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин башка деңгээлдеги  бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.                                                                                                                  

6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө  мыйзамынын 21-беренесине ылайык  айыл өкмөттүн резервдик фонду 200,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.                                                                                                                                                                   

7.Айыл өкмөтүнө 2024-2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүү,тамак аш,дары-дармек милдеттүү медициналык  касыздандырууларга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.                                                                                                                                                         

8.Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды  каржылоого багытталсын.                                                                                                     

9.Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.                                                                                                                                                                                     

10.Казына сметасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.                                                                         

11.Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2024-жылга  10,0 мин сомго белгиленсин.                                                                                                                                                                   

12.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө    “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш”  боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

 Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                       тиркеме №1

Зергер айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын 12 айында    бюджетинин  киреше  бөлүгүнүн  аткарылышы  боюнча маалымат        

                                             

№  к/н

      Кирешелердин             аталышы

Бекит. план         

Тактал. план        

Анык  аткар       

Ашык+                       кеми-        

1

Патент турундо алынуучу салык                

135

135

185,3

+50,3

2

Кирешеден алынуучу салык                         

5625

6125

6791,8

+666,8

3

Кыймылсыз мулктон алынуучу салык

 

 

44,6

+44,6

4

Транспорт салыгы

810

810,0

1031,9

+221,9

5

Жер салыгы физ лиц

340,5

340,5

423,6

+83,1

6

Жер салыгы юрид лиц

 

 

36,1

+36,1

7

А-чарба багыт эмес жер салыгы

65,0

65,0

234,1

+169,1

8

Сатуудан алынуучу салык

 

 

 

 

9

Плата за удерж  лицен  на  прав польз недрами

 

2266,4

2395,4

+129,0

10

КБФ  жеринен  арендада алынуучу толом

663,0

663,0

842,0

+179,0

11

Таштандыны чыгаруу

30,0

30,0

30,9

+0,9

12

Жайыт акысы                                                         300,0

420,0

720,0

720,2

+0,2

13

Атайын каражат                                                    

150,0

240,0

230,8

-9,2

14

Аренда  плата  от  населенных  пункт

90,0

90,0

75,5

-14,5

15

Жерди сатуудан тушкон каражат

 

 

40,0

+40,0

 

 

 

 

 

 

 

 Жергиликтуу  налогдун  жыйынтыгы             

8328,5

11484,9

13082,2

+1597,3

1

Тендештируу грант

12104,0

12104,0

12104,0

 

2

Республикалык  бюджет

 

1054,3

1054,3

 

 

Гранттын  жыйынтыгы

12104,0

13158,3

13158,3

 

 

Баардык жыйынтыгы

20432,5

24643,2

26240,5

+1597,3

 

Жооптуу катчы                                                А.Адилбеков      

 

 

 

 

 

                                                    

 

 

 

      

                                                                                     тиркеме№2                            

Зергер айыл өкмөтүнүн     2023-жылдын 12 айында  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн  аткарылышы  боюнча  маалымат

                                                                                                                                              

№ п/п

Чыгашанын  түру

статья

бекитил.ген план

Тактал. план

Казына аркылуу карж-ды

Анык. чыг-ды

Ашык+ Кеми -

1

Эмгек   акы

2111

11401,6

11868,7

11396,6

11396,6

-472,1

2

Соц  фонд

2121

1456,1

1514,2

1440,7

1440,7

-73,5

3

Командировкалык чыгым

2211

168,0

218,0

218,0

218,0

 

4

Комм-ык чыгым связ

2212

48,0

48,8

48,8

30,8

-18,0

5

Транспортук  чыгым

22141

259,5

246,0

245,9

245,9

-0,1

6

Турдуу  чыгым

2215

2325,4

3535,2

3531,0

3531,0

-4,2

7

Питания

2218

120,0

120,0

117,1

117,1

-2,9

8

Текуший  ремонт

2221

90,0

1606,4

1604,1

1604,1

-2,3

9

Эмеректерди  алуу

2222

230,0

831,5

824,3

824,3

-7,2

10

Комур  алуу

2224

1984,9

2223,4

2218,5

 

-4,9

11

Материалдык  жардам

2721

374,0

689,2

689,2

689,2

 

12

Резервный  фонд

2824

200,0

235,0

235,0

235,0

 

13

Э-Энергия

2232

 

 

 

 

 

14

Здания и сооружения

3111

1625,0

2750,0

2714,0

 

-36,0

15

Машина и Оборудования

3112

 

 

 

 

 

 

Бюджеттин   жыйынтыгы

 

20282,5

25886,4

25234,3

 

-652,1

1

Аттайын  каражат

 

150,0

240,0

230,3

 

-9,7

 

Баардык  жыйынтыгы

 

20432,5

26126,4

25464,6

9592,5

4085,6

 

 

Жооптуу катчы                                                А.Адилбеков      

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                         тиркеме №3

 

Зергер айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин  киреше  бөлүгүнүн  түзүлүшү боюнча    маалымат

 

№  к/н

      Кирешелердин             аталышы

Бекитилген план         

1

Кирешеден алынуучу салык

7594000

2

Патент турундо алынуучу салык

135000

3

Кыймылсыз мулктон алынуучу салык

15000

3

Транспорт салыгы

860000

4

Тамаркадан алынуучу жер салыгы физ лиц

340500

5

Ж А-чарба багыт эмес жер салыгы

65000

6

Аренда  плата  от  населенных  пункт

90000

7

Жайыт акысы

420000

8

КБФ  жеринен  арендада алынуучу толом

663000

9

Таштандыны чыгаруу

30000

10

Атайын каражат

150000

 

 Жергиликтуу  налогдун  жыйынтыгы

10362500

1

Тендештируу грант

11071000

 

Гранттын  жыйынтыгы

11071000

 

Баардык жыйынтыгы

21433500

 

                                                 

                                                                                                                            тиркеме №4

 

     2024-жылга  бюджетинин чыгаша  бөлүгүнүн  түзүлүшү  боюнча  маалымат

 

№ п/п

Чыгашанын  туру

статьясы

Бекитилген план

1

Эмгек   акы

2111

11189800

2

Соц  фонд

2121

1437300

3

Командировкалык чыгым

2211

188000

4

Коммуналдыкык чыгым связ

2212

32000

5

Транспортук  чыгым

22141

246000

6

Турдуу  чыгым

2215

3602000

7

Питания

2218

 

8

Текуший  ремонт

2221

740000

9

Эмеректерди  алуу

2222

250000

10

Комур  алуу

2224

1998400

11

Материалдык  жардам

2721

400000

12

Резервный  фонд

2821

200000

14

Здания и сооружения

3111

1000000

 

Бюджеттин   жыйынтыгы

 

21283500

1

Аттайын  каражат

 

150000

 

Баардык  жыйынтыгы

 

21433500

 

Жооптуу катчы                                                А.Адилбеков      

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезектеги   жыйырманчы сессиясынын

ТОКТОМУ

“19”январь  2024-жыл             № 99                        Кайрат айылы

Кадыров Алтынбек Алтымышовичке Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

   Кайрат  айылынын  2023-жылдын  9-сентябрындагы    жалпы элдик жыйынынын  Кадыров Алтынбек Алтымышовичке   Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу  жөнүндө сунушун  карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги    жыйырманчы сессиясы  токтом кылат:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  үчүн   Кадыров Алтынбек Алтымышовичке       Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   “Регламент, депутаттык этика,мандат  жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча”   туруктуу комиссиянын   милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезектеги   жыйырманчы сессиясынын

ТОКТОМУ

“19”январь  2024-жыл             № 100                       Кайрат айылы

Аюу айылындагы жер көчкүнү женилдетүү долбоорунун алкагында  Аюу айылынын ички жолдорун кенейтип шагыл төшөөгө  макулдук берүү жөнүндө

    Зергер айылдык кенешинин кезектеги жыйырманчы  сессиясы Аюу айылындагы жер көчкүнү женилдетүү долбоорунун алкагында  Аюу айылынын ички жолдорун кенейтип шагыл төшөө    жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси  М.Каракозуевдин   билдирүүсүн  угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

  1. Аюу айылындагы жер көчкүнү женилдетүү долбоорунун алкагында Аюу айылынын ички жолдорун кенейтип шагыл төшөөгө     макулдук берилсин.

2.Айыл өкмөткө Аюу айылынын ички жолдорун кенейтип шагыл төшөөгө мыйзам талаптарына ылайык алдын ала макулдашылган тартипте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мусурманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезектеги   жыйырманчы сессиясынын

ТОКТОМУ

      “19”январь  2024-жыл                         № 101                       Кайрат айылы

Калктуу конуштардагы атуулдардын пайдаланып келе жатышкан эшик алды огородунан алынуучу салыктар жөнүндө

    Зергер айылдык кенешинин кезектеги жыйырманчы  сессиясы калктуу конуштардагы атуулдардын  укук берүүчү документтеринен ашыкча пайдаланып келе жатышкан эшик алды огородуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы  укук берүү өз чечимин аныктаганга чейин  пайдаланган физикалык жер салыгын төлөө  жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча  башкы адиси Ш.Жаманкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

  1. Калктуу конуштардагы атуулдардын укук берүүчү документтеринен ашыкча пайдаланып келе жатышкан эшик алды огородуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы укук берүүгө өз чечимин аныктаганга чейин  пайдаланган физикалык жер салыгын өндүрүү айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
  2. Калктуу конуштардагы атуулдардын эшик алды огородунун бошотуу жөнүндө женилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда каралган тартипте жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мусурманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезектеги   жыйырманчы сессиясынын

ТОКТОМУ

      “19”январь  2024-жыл                         № 102                       Кайрат айылы

Зергер айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө

    Зергер айылдык кенешинин кезектеги жыйырманчы  сессиясы Зергер айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө   Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери  боюнча  башкы адиси М.Каракозуевдин  билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

1.”Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик  ишканасы тарабынан даярдалган Зергер айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары жактырылсын  жана айыл өкмөткө бекитүүгө  сунушталсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                            Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезексиз   жыйырма биринчи сессиясынын

ТОКТОМУ

      “14”февраль  2024-жыл                         № 103                      Кайрат айылы

“Пчелопитомник” акционердик коомуна мыйзамсыз өтүп кеткен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу 9,6 га жайыт жер тилкесин кайтарып алуу жөнүндө

    Зергер айылдык кенешинин кезексиз жыйырма биринчи сессиясы  “Пчелопитомник” акционердик коомуна мыйзамсыз өтүп кеткен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу 9,6 га жайыт жер тилкесин кайтарып алуу жөнүндө” Өзгөн райондук прокуратурасынын  2023-жылдын 7-февралындагы №11-253-24 “Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө”талабын карап жана ушул маселеде Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери  боюнча  башкы адиси М.Каракозуевдин  билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

1.“Пчелопитомник” акционердик коомуна мыйзамсыз өтүп кеткен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу 2912500 сомго бааланган 9,6 га жайыт жер тилкеси Зергер айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жайыт жер тилкесин мыйзам талабына ылайык кабыл алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү Зергер айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мусурманкуловго  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши                                                                                                                               

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын

ТОКТОМУ

“14”февраль  2024-жыл            №104                           Кайрат айылы.

Зергер жайыт комитетинин бюджетинин 2023-жылы аткарылышы,2024-жылга бюджетин  жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

   «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинии жетекчилике алып  “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезексиз  жыйырма биринчи сессиясы  токтом кылат:

  1. Зергер жайыт комитетини 2023-жылы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Зергер жайыт комитетинин 2024-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 801210 сомго, чыгашасы 801210 сомго бекитилсин. (тиркеме №1,

№2, №3)        

  1. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:

Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар үчүн:

-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 100 сом.

-Кара мал жана топоз(жаш)бир башына - 90 сом.

-Кой-эчкинин бир башына- 25 сом.

-Жылкы,эшек,төөнүн бир башына- 150 сом.

Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:

-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 350 сом.

-Кара мал жана топоз (жаш) бир башына- 300 сом.

-Кой жана эчки бир башына - 80 сом.

-Жылкы,эшек жана төө бир башына- 350 сом .

  1. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аарычылык, анчылык жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.

5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.12.2021-жылдагы  №547 Жарлыгына ылайык Зергер жайыт комитетинде пайдалануудагы жайыт жерлеринин  юридикалык жер салыгы жайыт пайдалануучулардын  макулдугу менен жайыт аянттарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытына жумшалсын.

6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы, Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга   милдеттендирилсин.

7.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча”    туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

     

  Төрага                                  Б.Келдибаев

 

 

 

Зергер жайыт комитетинин  2024-жылга  карата бюджети

                                     Жайыт комитетинин киреше булагы   № 1 тиркеме

Малдын

 түрү

Малдын саны

Которуу коэф

Шартуу баш

Бир шартуу баштын төлөмү

Малдын башына төлөмү

Жалпы сумма мал башына

Жалпы сумма

1

Кара мал чон

2418

1

2418

100

100

245600

245600

2

Кара мал кичине

920

07

644

90

90

82890

82890

3

Жылкы

1131

1

1131

150

150

169650

169650

4

Кой эчки

12123

02

2424,6

25

25

303070

    303070

 

жалпы:

 

 

 

 

 

 

801210

801210

Жайыт комитетинин чыгымдары   № 2 тиркеме

Чыгымдын түрлөрү

Адам саны

Айы

Суммасы

1

Эмгек акы (10000х2=20000)

 

2

24

240000

2

Ишканадан камсыздандыруучу төлөмдөр 17,25%

 

 

41400

3

Башка чыгымдар: сапар чыгымы,күйүүчү май жана канц. буюмдары

 

 

45000

4

Автомашинанын ремонтоо үчүн

 

 

15000

5

Жайыттын инфраструктурасын ондоо үчүн.

 

 

201210

6

Райондук жайыт ассосациясы үчүн төлөм

 

 

10000

7

Жайыт комитетинин резервдик фонду

 

 

50000

8

Жергиликтүү бюджетке чегерүү

 

 

240000

 

жалпы  :

 

 

801210

             Жайыт комитетинин сметасы     № 3 тиркеме

Чыгымдардын аталышы

Жалпы 2024

                      Квартал

1

2

3

4

1

Эмгек акы

240000

60000

60000

60000

60000

2

Соцфонд төлөмдөрү

41400

 

13500

13500

14400

3

Башка чыгымдар: ГСМ,сапар  ж.б

40000

6000

11300

11300

11400

4

Телефон жана конц.чыгымдар ж.б.

5000

1000

1200

1400

1400

5

Машинаны ремонттоого

15000

 

 

 

15000

6

Жайыт инфраст. ондоо үчүн

159810

 

100000

59810

 

7

Райондук жайыт ассосациясы үчүн

10000

 

 

   10000

 

8

Жайыт ком. резервдик фонду

50000

 

 

 

50000

9

Жергиликтүү бюджетке

240000

 

 

 

240000

 

жалпы:

 

801210

67000

186000

156010

392200

 

  Зергер жайыт комитетинин төрагасы                              К. Маматалиев

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз он алтынчы  сессиясынын 

ТОКТОМУ 

“29” май 2023-жыл                                      № 76                                     Кайрат айылы

 Облустук өнүгүү фондунун жардамы менен  М.Жолдошалиев атындагы орто мектебинин от казанын  ремонттоого   макулдук берүү жөнүндө

Зергер айылдык кеңеши   Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз он бешинчи  сессиясынын                                                                                                                       

 ТОКТОМУ

“12”апрель  2023 -жыл                    №66                           Кайрат айылы.

 Турак үйлөрүнө кооптуу аймакта деп корутунду чыгып,жер тилкелерин ала элек жарандарга  жана  жер тилкесине муктаж жарандарга башка айыл өкмөттөрдүн аймагынан кезексиз жер тилкесин  берүү сунушун кароо жөнүндө

 

    Зергер айылдык  кенешинин  кезексиз  он бешинчи сессиясы  турак үйлөрүнө кооптуу аймакта деп корутунду чыгып,жер тилкелерин ала элек жарандарга  жана  жер тилкесине өтө муктаж үй бүлөлөргө  башка айыл өкмөттөрдүн аймагынан кезексиз жер тилкесин  берүү жөнүндө  айыл өкмөтүнүн Жарандык коргонуу комиссиясынын 2022-жылдын   23-ноябрдагы  отурумунун №4 протоколун  карап жана ушул маселеде  айыл өкмөт башчысы   А.Мусурманкуловдун билдирүүсүн  угуп,талкуулап чыгып   токтом кылат:

 

 Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин (7- чакырылыштагы)  кезектеги он экинчи  сессиясынын 

ТОКТОМУ

“28” ноябрь 2022-жыл                       № 55                                       Кайрат айылы.

  Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин СДК тармагын    кошумча каржылоого алуу  жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетин кошумча каржылоого алуу   жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   12-сессиясы токтом кылат:

Зергер айылдык кеңеши 

  Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз  тогузунчу   сессиясы

“27”апрель  2022-жыл                           №41                         Кайрат айылы.

  Жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттын эсебинен  кээ бир статьяларды  каржылоого алуу  жөнүндө

p class=params-