Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) ХIХ  кезектүү отурумунун

 ТОКТОМУ

 2024-жылдын       19-январы                         №96                                       Куршаб айылы

 

Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 29.11.2023-жылдагы №22-1-12/8782 сандуу көрсөтмөсүн кароо жөнүндө.

                                                                 

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) ХVI  кезексиз отурумунун

ТОКТОМУ

 2023-жылдын       22-июну                         № 75                                      Куршаб айылы

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө

 

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 212 буйругун аткаруу максатында жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Эралиев Кутман Арзиевичтин  айыл өкмөтүнүн регламентин бекитип берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кеңешинин  (жетинчи шайланган) ХVI  кезексиз отуруму

                                                          

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) ХII  кезексиз отурумунун 

ТОКТОМУ 

2022-жылдын       16-сентябрь                          № 53                                      Куршаб айылы

 

Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө.

 

            Куршаб айылдык  кеңешинин  турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу  боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 952019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык,   жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени    алдын ала карап, Куршаб  айылдык    кеңешинин (жетинчи  шайланган)  ХII  кезексиз  сессиясынын күн тартибиндеги   маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши     

 

                                                    Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) ХI  кезектүү отурумунун 

                                                                                                           ТОКТОМУ 

                                                2022-жылдын       19-августу                          № 50                                      Куршаб айылы

                                                           Жерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.

 

         Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, КРнын “Жер участокторун которуу

(трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19.03.2014-ж  №169

убактылуу токтомуна ылайык Куршаб айылдык кеңешинин Айыл чарба, суу чарба,

мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы

Куршаб айыл аймагына караштуу №244, №246, №262 сандуу контурундагы 0,80 га

жайытка жараксыз жер тилкесин “Жайыт багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр

жай,транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которууга

(трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап талкуулап

чыгып Куршаб айылдык кеңеши

 

                  ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Куршаб айыл аймагына караштуу №244 сандуу контурундагы 0,60, №246 сандуу

контурдагы 0,19, №262 сандуу контурдагы 0,01га жалпысы 0,80 га жайытка жараксыз жер тилкесин “Жайыт багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жай,транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

  1. Мыйзам талаптарына ылайык документтерин бүтүрүү жагы Куршаб айыл

өкмөтүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин айыл чарба, суу

чарба, мелиорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 Төрага:                                                                                             Жумаев Б. Э

 

 

                                                           

 

 

 

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) ХII  кезексиз отурумунун 

ТОКТОМУ 

2022-жылдын       16-сентябрь                          № 51                                      Куршаб айылы 

 

Элдик Курултайды уюштуруу жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына жана Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 чечимине ылайык Куршаб айыл аймагында “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө” маселени Куршаб айылдык кеңеши  (жетинчи  шайланган ) ХII  кезексиз отурумунда карап, талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Куршаб айыл аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөндөгүлөрдөн бекитилсин:
  2. Жумаев Байыш – Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы
  3. Атчабаров Нурсултан- Куршаб айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
  4. Муратбаев Салибай- Куршаб айылдык кеңешинин депутаты
  5. Бекатов Шайр- Куршаб айылдык кеңешинин депутаты
  6. Кармышаков Эдил- Куршаб айылдык кеңешинин депутаты
  7. Сабытбек уулу Бактыяр- Куршаб айылдык кеңешинин депутаты
  8. Топоев Абдилла- айыл башчы
  9. Түркбаев Үрүбай-айыл башчы
  10. Жеенбаев Максат-айыл башчы
  11. Аксакалдар кеңешинен 1 мүчө
  12. Аялдар кеңешинен 1 мүчө.

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу айылдарында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги тиркеме ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
  2. Ушул токтомдун аткаруу жагы Элдик Курултай уюштуруу боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

     Төрага:                                                                                             Жумаев Б. Э

 

 

                                                                                        «Бекитемин»

                                                           Куршаб айылдык кеңештин

 

                                                                       төрагасы ___________ Жумаев Б.Э

 

Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу айылдарында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги

Айылдын аталышы

Датасы

Өткөрүлө турган жери

1.Куршаб айылдык аймагы

1

Куршаб 1-айыл

38 делегат

2022-жылдын 17-октябры

Куршаб а, Бектемиров орто мектеби

3

Куршаб 2-айыл

34 делегат

2022-жылдын 18-октябры

Куршаб а, Ленин №5 орто мектеби

4

Куршаб 3-айыл

28 делегат

2022-жылдын 19-октябры

Куршаб а, Токтогул орто мектеби, Поворот

5

Куршаб 4-айыл

28 делегат

2022-жылдын 20-октябры

Куршаб а, Маданият үйү, Шерматов/Орозбаев көч.

6

Шагым айылы

15 делегат

2022-жылдын 21-октябры

Шагым а, Эрматов орто мектеби, Кызыл-Колот а,

7

Эрдик айылы

7 делегат

2022-жылдын 22-октябры

Эрдик а, Эгемжаров орто мектеби

 

 

 

 

                                                           

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) ХII  кезексиз отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2022-жылдын       16-сентябрь                          № 52                                      Куршаб айылы 

 

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 

  Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, КРнын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 2014-жыл 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” Убактылуу жобого таянып, турак жай үчүн жер участогуна кезекте турган Куршаб, Шагым, Эрдик айылдарынын 3800дөн ашык тургундарынын арыздарын жарым жартылай канааттандыруу максатында, Куршаб айыл өкмөтүнүн жана Куршаб айылдык кеңешинин “Турак жай, өнөр жай,курулуш, жер, жерге жайгаштыруу” боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап Куршаб айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

  1. Куршаб, Шагым, Эрдик айылдарынын тургундарынын  жеке менчик турак жайга болгон  жарандык муктаждыктарын жарым жартылай канааттандыруу максатында Куршаб айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба картасы боюнча №246 контурдагы 2,5га жайыт, №262 контурунан 0,5га жайыт, №263 контурунан 1,5га кайрак айдоо жеринен, №171 контурдагы 1,6га тыт, №2072 контурдагы 1,20га НРК, №2079 контурдагы 0,58га НРК, №2082 контурдагы 1,15га жайыт, №1759 контурдагы 2,04га жайыт, №1770 контурдагы 0,55га жайыт, №1771 контурдагы 4,53га тыт багы ээлеген жеринен, ,№1772 контурдагы 4,12га бак, №576 контурунан 11,2 кайрак айдоо, №119 контурдагы 5,0га тыт, жалпысы болуп 36,47га жер тилкелерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, жогорудагы көрсөтүлгөн жер тилкелерин КРнын мыйзам талаптарына ылайык которууга(трансформациялоого) жиберүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин “Турак жай, өнөр жай,курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

      Төрага:                                                                                             Жумаев Б. Э

 

 

 

Куршаб  айылдык    кенешинин  (жетинчи  шайланган ) IХ - кезексиз отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2022-жылдын   22-апрели                               № 27                                         Куршаб айылы

 

Жайыт комитетинин  2022-жылга карата спецтехникалардын кирешелер жана чыгашалар боюнча бюджети бекитүү жөнүндө

p class=params-