Башкы бет
Акимдин иш күндөлүгүнөн
Таза суу долбоору башталды
2023-жылдын 14-март күнү Куршаб, Дөң-Булак жана Мырза-Аке айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланып жаткан долбоордун курулушун баштоого старт берилди. Курулушту баштоо салтанатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, коомдук ишмерлер жана айыл тургундары катышты. Район башчысы өз сөзүндө башталып жаткан долбоордун сапатына жогорку деңгээлде көңүл буруу керек экенин белгилеп, эл-журтка пайдасы тийген долбоор болуусун каалады.
Аппараттык жыйын
Аппараттык жыйында
Үстүбүздөгү жылдын 31-январында райондук мамлекеттик администрациянын кезектеги аппараттык кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге айыл өкмөт башчылары жана, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Кеңешменин күн тартибинде: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана, айыл чарба тармактарындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселелери каралды. Алгач Өзгөн району боюнча ӨКБнүн башчысы Нурлан Кулмаматов баяндама жасап, аткарылган жана 2023-жылга карата сунушталган жумуш ыргактарынын тизмектерине токтолсо, аймак башчысы Шабдан Абыкаев жер участокторун алып, бирок дале кооптуу аймакта жашап жаткандарга чара көрүү, ошондой эле кооптуу жайларда күн кечирип жаткандарга жер тилкелерин берүүнү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тапшырып, аз убакыт аралыгында маалымат берүүнү тапшырды.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Имангазы Абдраев ушул жылга пландалган айдап-себүү иштерине, түшүмдүүлүгү жогорку сорттогу, жеңилдетилген жана дотациядагы буудай, арпа, совлердун берилүү тартибине токтолуп, аймактагы «Тамеки» илимий өндүрүштүк айыл чарба кооперативинде, К.Чаргынов үрөнчүлүк дыйкан чарбасында, «Ак-Эмгек» үрөнчүлүк чарбаларында — буудай 38, арпа 35, ал эми совлер 112,30 сомдон берилээрин маалымдады.
Ал эми ветеринардык башкармалыктын башчысы Салибай Муратбаев бодо малдарды жана жылкыларды идентификациялоодо жеткирилген план-тапшырма 100% аткарылгандыгын айтып, тажрыйбалуу адис, жетекчи катары беккари чуңкурчаларын куруу сунушун берип, бул жаатта кандай жардам керек болсо көмөктөшөрүн ачыктады.
Мындан сырткары да бир топ маселелер каралып, тиешелүүлөрдүн жоопкерчиликтери суралды.
Президенттин Жарлыктары
Жер мунапысы
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №291 токтомун ишке ашыруу максатында Өзгөн районунун Жалпак-Таш жана Дөң-Булак айыл аймактарынын жарандарына мамлекеттик актыларды Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев тапшырыды.
Жаз күнү майрамга мол
8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата