Агрардык сектор биздин районубузда экономиканын маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Райондо азык-түлүккө болгон керектөөнү жетишээрлик көлөмдө  камсыздоо максатында өз алдынча башкаруу органдарында айыл-чарба продукцияларын өндүрүү боюнча бир топ иш аракеттер жүргүзүлдү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда үстүбүздөгү жылдын январь-декабрь айларында мал продукцияларынын өндүрүүнүн жогорулашы белгиленди. Айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрү боюнча эт (тирүү салмакта) – 14600 тонна, сүт – 62660 тонна, жумуртка 8080 миң даана жана 353 тонна жүн өндүрүлдү, өткөн жылга салыштырмалуу эт 2,5 пайызга, сүт 2,0пайызга, жумуртка 3,0 пайызга өстү. Бир саан уйдан орточо 1948 кг. сүт саап алынды.

Райондо айыл чарба өсүмдүктөрүн агротехникалык эрежелерди сактоо менен өз мөөнөтүндө айдап-себүүнү, жыйноону уюшкандыкта өткөрүүдө айыл чарба кызматкерлери тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, 2015-жылы кылкандуу дан эгиндери 22075 га айдоо аянтка себилди. Андан сырткары жүгөрү 5525 га, шалы 1301 га, май өсүмдүгү 6390 га, тамеки 82 га, картошка 1010 га, жашылча 1624 га, бакча өсүмдүктөрү 78 га, 3953 га көп жылдык чөптөр эгилген, район боюнча бардыгы болуп 42370 га айдоо аянтка айыл чарба продукциялары эгилип, себилген.. 

2015-жылы райондун айыл аймактарында 22075 гектар жер аянтындагы кылкандуу дан эгиндери жыйналып, дүң жыйымы 49112 тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 22,2 центнерден алынды, анын ичинен буудай 19 228 гектар жер аянтына эгилип жыйналды, дүң жыйымы 44574 тоннаны түздү, орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 23,2 центнерден алынды, арпа 2847 гектар жер аянтына эгилип, толугу менен жыйналды, дүң жыйымы 4538 тоннаны түзүп, орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 15,9 центнер болду. Өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу буудайдын түшүмдүүлүгү гектарынан 1,2 центрге, арпанын түшүмдүүлүгү 0,7 центрге көп экендиги байкалды.

Жыйналган айыл чарба эгиндеринен мөмө-жемиш дүң жыйымы 5652 тонна (105,1%), картошканын дүң жыймы 13 743 тоннаны түзүп, түшүмү гектарынан 137 центнерден алынды, жашылча 1624 га жер аянтынан 29219 тонна түшүм жыйналып, түшүмдүлүгү гектарынан 180 центнерден алынды, Бахча өсүмдүктөрүнүн 78 га жер аянтынан 1303 тонна түшүмү жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу, түшүмдүлүгү гектарынан 167,1 центнерден алынды, түшүмдүлүгү гектарынан 10,9 центнерге көп жыйналган, май өсүмдүктөрү 6390 га жер аянтына себилип,  6610 тонна түшүмү жыйналып, түшүмдүлүгү гектарынан 10,3 центнерден алынды, дан жүгөрүсү 5525 га жер янтына себилип, 32422 тонна түшүм жыйналып, түшүмдүлүгү гектарынан 58,7 центнерден алынды, шалы 1301 га жер аянтына себилип, 4087 тонна түшүм жыйналды, түшүмдүлүгү гектарынан 32,0 центнерден алынды, өткөн жылга салыштырмалуу гектарынан 0,6 центнерге аз жыйналган.

Кесек тоют план боюнча 148 506 тонна болсо, 2015-жыл ичинде табыгый чөп 75747 тонна, саман 33013 тонна жана жүгөрүнүн паясы 40341 тонна, бардыгы 149101 тонна камдалып, план 100,4 пайызга аткарылды.

Райондун аймагындагы мамлекеттик үрөнчүлүк чарбалар,“Тамеки” айыл чарба кооперативи,“Бал-Көчөт”АКму 2015-жылы айыл-чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүдө бир топ иштерди аткарышты.

 “Тамеки” айыл чарба кооперативи район боюнча бардык үрөн менен камсыз кыла турган чарбалардын бири болуп эсептелет. 2015- жылы “Тамеки” айыл чарба кооперативи 209 гектар айдоо аянтына кылкандуу дан эгиндерин эгип, анын ичинен 181 гектар буудай, 28 гектар арпа. Дүң жыйымы бардыгы 557 тоннаны түзүп, анын ичинен 535 тонна буудай, 31тонна арпа жыйналган. Түшүмдүүлүгү гектарынан 26,8 центнерди түзүп, анын ичинен буудай гектарынан 29,3 центнерден, арпа гектарынан 11,1 центнерден алынды.

Азыркы ушул мезгилде “Тамеки” айыл чарба кооперативинде                                         225 тонна буудайдын жана 10 арпанын үрөнү даярдаган.

 Ошондой эле жашылчанын дүң жыйымы 561 тонна, май өсүмдүктөрү 2 тонна, дан жүгөрүсү 66 тонна, шалы 43 тонна жыйналып алынды жана кесек тоют 551 тонна (90,0%) даярдашты.

 “Алтын-Дан” мамлекеттик тажрыйбалык үрөнчүлүк чарбасы                       2015-жылдын түшүмү үчүн 152 гектар айдоо аянтына кылкан дан эгиндери эгип, анын ичинен 142 гектар буудай, 20,5 гектар арпа себилген. Дүң жыйымы бардыгы 319 тоннаны түзүп, анын ичинен 304 тонна буудай, 15 тонна арпа жыйналган. Түшүмдүүлүгү бардыгы гектарынан 25,9 центнерден, анын ичинен буудай гектарынан 21,5 центнерден, арпа гектарынан 15 центнерден алынды. Андан сырткары 22 тонна май өсүмдүктөрү жыйналып алынды жана кесек тоют 380 тонна (100,0%) даярдалды.

“Кызыл-Сенир” үрөнчүлүк чарбасы айдоо жер аянтына 102 гектар кылкандуу дан эгинин эгип, анын ичинен 76,6 гектар буудай, 25,5 гектар түзгөн. Дүң жыйымы бардыгы 248 тоннаны түзүп, анын ичинен 182 тонна буудай, 66 тонна арпа жыйналган. Түшүмдүүлүгү бардыгы гектарынан 24,3 центнерден анын ичинен буудай гектарынан 23,8 центнерден, арпа 26 центнерден алынды.

Кесек тоют 210 тонна (105,0%) даярдаган.

“М.Тешебаев” мамлекеттик тажрыйбалык бак чарбасы 30,5 гектар айдоо жерине кылкандуу дан эгиндерин эгип, анын 10 гектар буудай, 20,5 гектар арпа себилген. Бардык дүң жыйымы 55,7 тоннаны түзүп, анын ичинен буудай 25 тонна, 30,7 тонна арпа жыйналган. Түшүмдүүлүгү бардыгы гектарынан 18,3 центнерден алынды, анын ичинен буудай гектарынан 25,0 центнерди, арпа гектарынан 15 центнерди түздү.

“Бал-Көчөт”АКму 10 гектар айдоо аянтына буудай себилип, дүң жыйымы 40 тонна болду. Район боюнча орточо түшүмдүүлүк  боюнча эң жогорку көрсөткүчтү гектарынан 40,0 центнерден алды. 25 тонна буудайдын үрөнүн камдашкан.

 “Алтын-Дан”, “Кызыл-Сенир” жана“ М.Тешебаев” үрөнчүлүк чарбалары район боюнча кылкандуу дан эгиндери боюнча көрсөткүчтөрү өздөрүнүн алган статустарына караганда эң төмөнкү түшүмдүүлүк алышкан.

Ошондой эле күздүк себүүгө 858 тонна дизелдик отун майы, 34,2 тонна дизелдик майлоочу майы, 12 тонна автол жана 342 тонна бензин керектелген.

Күздүк себүүгө 2392 тонна үрөн себилип. 2016-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү жеткиликтүү камдалган.

2016-жылдын түшүмүнө карата 3993 га тоңдурма айдалды.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, мал чарбачылыгынын продуктуулугун жогорулатуу максатында мамлекет тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо-3» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялар берилген. 2015-жыл ичинде «Айыл Банк» тарабынан жалпысы 71 275,5 миң, анын ичинен мал чарбачылык багытында 149 кардарга 63 689,5 миң, дыйканчылык багытында 29 кардарга 7 186,0 миң сом, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө 1 кардарга 400,0 миң сом, «РСК Банк» тарабынан жалпысы 28 800,0 миң, анын ичинен мал чарбачылык багытында 63 кардарга  25 850,0 миң, дыйканчылык багытында 10 кардарга 2 950,0 миң сом,  «Бакай Банк» банк тарабынан жалпысы мал чарбачылык багытында 10 кардарга 2640,0 миң,  «Росин Банк» банк тарабынан жалпысы мал чарбачылык багытында 7 кардарга  2 600,0 миң, АКБ «Кыргызстан коммерциялык банк»  тарабынан жалпысы 4 400,0 миң, анын ичинен мал чарбачылык багытында 8 кардарга  3 800,0 миң, дыйканчылык багытында 1 кардарга 600,0 миң сом берилген. Район боюнча 2015-жылдын 31-декабрына карата жалпысынан 109 715,5 миң сом жеңилдетилген насыялар берилип, өткөн жылга салыштырмалуу 24 457,5 миң сомго көп берилди. Ошондой эле айыл чарба техникалары лизинг боюнча 3 кардарга 3млн 540 миң сом насыялар берилди.

Райондогу айыл аймактардын карамагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жер тилкелери боюнча ижара акыларынын болжолду төлөмдөрү 2015-жылга 10млн 445 миң 700 сом  менен бекитилген. Райондун дыйкандары ижарага алышкан жер тилкелеринин ижара акылары 10млн 928,3миң өндүрүлүп, же болбосо 105,0 пайызга аткарылган.

Район боюнча 2015-жылда Өзгөн суу чарба башкармалыгы 90млн 437 миң куб суу берүү прогноздолсо, берилген 90млн 437 миң куб сугат суу берилип, 100,0 пайызга аткарылган. 2015-жылда райондук суу башкармалыгы тарабынан 2431,3 миң сомдук сугат суусу берилип, өндүрүлгөнү 2588,0 миң сом же болбосо 106,5 пайызга аткарышкан. Сугат сууга көрсөткөн кызматы боюнча айыл аймактарындагы “Суу пайдалануучу ассоциацияларынын” суу төлөмдөрү боюнча карыздары жок.

Район боюнча 2015-жылда мал чарбачылыгында малдын ылаңдарына карышы райондун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы жер-жерлердеги ветеринардык адистер менен биргеликте эпизоотияга каршы профилактикалык иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуунун үстүндө иш алып барылды.

 2015-жылдын 1-январына карата райондо  23693 баш жылкы, 72222 баш кара мал, 217567 баш майда жандык, 212001 баш үй канаттуулары, 21442 баш ит-мышык каталган.  Райондун аймагында жогорудагы көрсөтүлгөн мал жандыктарды тейлөөдө жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн 1 райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалык жана 48 жеке ветеринардык сервистер иш алып барат. Райондун аймагында мал жандыктарды ветеринардык жактан тейлөө үчүн ветеринардык сервистерде 92 адис , айыл өкмөттөрүнүн штатында 20 адис, мамлекеттик ветеринардык кызматтын штатында 8 адис, жалпысы 100 адис иштейт, малдын шарттуу баш санына алганда адистер 20,5 пайызга камсыздалган.

2015-жылда кутурма ылаңына каршы 5300 баш ит-мышык, 35134 баш кара мал, 12024 баш майда жандыктар эмдөөдөн өткөрүлдү жана 3455 баш ит мышыктар атылып жок кылынды. Күйдүргү ылаңына каршы 23539 баш жылкы, 80251 баш кара мал, 301526 баш кой-эчки, кара малдардын кара сан ылаңына 92699 баш, ал эми шарп ылаңына 88828 баш эмдөөлөр өткөрүлгөн. Кара өпкө (Пастереллез) ылаңына каршы 4727 баш кара мал, 744 баш жылкы, 40382 баш кой эмделди. Бруцеллез ылаңына каршы рев-1 вакцинасы менен 94104 баш козу-улактар эмдөөдөн өткөрүлгөн. Чечек(оспа) ылаңына каршы 158328 баш кой эмделди. Кутурма (бешенство) ылаңын алдын алуу боюнча азыркы мезгилге 3455 дейди ит-мышык атылып жок кылынды. Ошондой эле кутурма ылаңына каршы  5300 ит-мышык эмдөөдөн өткөрүлдү. Эхиноккоз оорусун алдын алуу максатында ар квартал сайын ит-мышыктарга азинокстаблеткалары берилүүдө. 2015-жылда 65013 ит-мышыка 124500 таблеткалар берилген.Бүгүнкү күндө райондун аймагында эпизоотиялык абал туруктуу. Райондук ветеринардык башкармалыгы жер-жерлердеги ветеринардык сервистердин адистери менен биргеликте эпизоотияга каршы профилактикалык иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуунун үстүндө иш алып баруушуда.

Жайыт комитеттери 2015-жылга жалпысынан 4 901,2 миң сом суммасында бюджеттерин жергиликтүү кеңештердин  сессияларында бекитилип кабыл алынган. 2015-жылдын жыйынтыгы менен район боюнча 4917,3 миң сом жайыт төлөмдөрү жыйналган, же болбосо бекитилген бюджеттик тапшырманы 100,3 пайызга аткарышкан. Жайыт төлөмдөрүн жыйноодо айыл аймактарындагы бардык жайыт комитети толугу менен (100,0%) аткарышты.

p class=params-