Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2015-жыл Кыргыз Республикасында “Улуттук экономиканы чыңдоо жылы” деп жарыяланып, райондо бул багытта бир топ иштер аткарылды. Райондук мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын иш-чаралар иштелип чыгып, экономикалык иш аракеттерин жүргүзүп жаткан ишканаларга, уюмдарга жана жеке ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Натыйжада 2015-жылдын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү бардык тармактар боюнча негизинен аткарылды.

             Райондо өнөр-жай продукцияларынын көлөмү 667 207,9 миң сомго жетти. Өткөн жылга салыштырмалуу 65 374,0 миң сомдук өнөр-жай продукциялары көп өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 104,1%га өстү.

            Пайдалуу кендерди казуу менен алектенген ишканалардын өндүргөн продукциясынын көлөмү 392 437,1 миң сомду түзүп, 107% түздү. Анын ичинен көмүр кенин казуунун көлөмү 232 270,0 мин сом болуп, 100%, ал эми “Сары таш” үлүл таш кенин казуунун көлөмү 160 167,8 мин сом болуп, 148,2% өстү.

    Райондун жалпы өнөр жайынын структурасында кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын көлөмү-17,7%, пайдалуу кен казуу өнөр жай продукциясынын көлөмү-56,0%, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүүнүн көлөмү-23,5%, суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо жана иштеп чыгаруу ишканаларыныкы-2,9% түзөт.

     Кайра иштетүү өнөр жайында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 102 529,5 миң сом болуп, физикалык көлөмдүн индекси 101,7% түздү.

     Бул тармакта район боюнча чарба жүргүзүүчү субьекттер тарабынан  3771,9 тонна ун (94,3%), 733,6 тонна нан азыктары (105,6%),  38,1 тонна (80%)  өсүмдүк майы өндүрүлгөн, андан сырткары текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим чыгаруу 2 135,5 миң сомду (137,7%), желим жана пластмасса буюмдарын, метал эмес минералдык буюмдарды өндүрүү 51 415,8 миң сомду (119,9%) түздү.

      Бирок, райондо өткөн жылга салыштырмалуу ун чыгаруу 644 тоннага, май чыгаруу 57 тоннага аз чыгарылган, өндүрүлгөн продукциянын төмөндөп кетиши районубузга сырттан келген май жана ундар сапаттуу жана баасы арзан болуп, жергиликтүү май, ун чыгаруучу чакан ишканаларыбыз чыгарган продукциялардын атаандашттыкка жөндөмсүздүгү менен мезгил талабына жараша сапаттуу продукция чыгаралбагандыгынын натыйжасында өндүрүш төмөндөп кеткен.

    Районубузда экономиканы чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга ылайык, жыл ичинде жалпы 11 даана өнөр-жай жана кайра иштетүү ишканалары жаңыдан ачылып, ишке киргизилди. 130 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

     Алсак, тоо кен өнөр жай тармагында Салам-Алик айыл аймагында “Кулуш Ата” көмүр кенин казган ишкана ачылып, 12 адам жаңы жумуш орду менен камсыз болду. Жалпак-Таш айыл аймагындагы сары таш кенин казган “Айлин-Таш”, “Туура-Булак”, “Акра” аттуу жаңы 3 ишканалар ачылып, 60 адам жаңы жумуш орундарына ээ болушту.

   Кайра иштетүү өнөр жай тармагында Өзгөн шаарында, Мырза-Аке, Дөң-Булак, Куршаб, Кароол айыл аймактарында ундан жасалуучу кондитердик азыктар цехи, кийим тигүүчү, пластиктен эшик, терезе жасоочу, көмүрдү брикеттөө, шалыны кургатып, актоо цехтери ачылып, 58 адам жаңы жумуш орду менен камсыз болушту.  

     2016-жылы алдыга коюлган милдет пландардын негизинде дагы 10 кем эмес кичи ишканаларды ачуу пландаштырылууда.  

p class=params-