Салык жана бюджет

Өзгөн районунда салык жыйноо иштеринин денгээлин жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын негизинде 2015-жыл ичинде мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын район боюнча болжол планы негизинен аткарылды.

Мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын болжол планы 282 897,7 миң сом болсо, аткарылганы 297 299,7 миң сомду түздү, же болжол план 105,1% жетип, мамлекеттик бюджеттин казынасына 14,4 млн.сомго көп чегерилген.

Республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын болжол планы 123 304,5 мин.сом болсо, чогултулганы 121 551,0 мин.сомду түздү, же болжол план 98,6% аткарылган. Бул, райондо транспорттук каражаттарды каттоо жана кайра каттоодон алынуучу салыктын планы көп жеткирилгендиктен, же болбосо 10 539,0 миң сом план жеткирилип, аныгында аткарылганы 4 606,8 миң сом болуп, 44% аткарылган. 2014-жылы райондо 1701 даана ал эми 2015-жылы 562 даана транспорт каражаттары катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 1139 транспорт каражаттары аз катталгандыктан болжол план толбой калган.

 Жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын болжол планы 159 593,4 мин.сом болсо, чогултулганы 175 749,0 мин.сомго жетип, болжол план 110,1 % аткарылды, же жергиликтүү бюджеттин казынасына 16 155,7 мин.сомго ашыкча жыйналган.

Райондук мамлекеттик салык кызматы башкармалыгы тарабынан салык чогултууну көбөйтүү максатында көчмө текшерүү жана камералык текшерүү ыкмалары боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, 62 ирет көчмө текшерүүнүн натыйжасында 6867,3 миң сом кошумча салык чегерилип, өндүрүлгөн салыктын суммасы 4646,5 миң сомду түздү.

Ал эми камералык текшерүү 17 ирет жүргүзүлүп, 1457,1 миң сом салык өндүрүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн жашырган салыктарын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 8770,6 миң сом аныкталып, чегерилген.

Салык карыздарын кыскартуу боюнча ишкана тарабынан атайын иш-чаралар уюштурулуп, салык карыздарынын эсебинен 7896,3 миң сом бюджетке чегерилип, өткөн жылга салыштырмалуу мамлекеттин казынасына 3372,7 миң сомго көп өндүрүлгөн.

Райондо салык жыйноонун болжолдуу көрсөткүчтөрү 105,1% аткарылганы менен төмөндөгү айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салыктын түрлөрү боюнча толтурууну камсыз кыла алышкан эмес.

Алсак, Ак-Жар айыл өкмөтү райондук салык кызматы тарабынан жеткирилген жалпы болжол планды 96,2% аткарып, киреше салыгынан 217,9 миң сомго, кыймылсыз мүлк салыгынан 39,3 миң сомго, айыл чарба багытында эмес жер салыгынан 50,5 миң сомго, сатыктан алынуучу салыктан 383,0 миң сомго аз жыйнаган.

Чангет айыл өкмөтү райондук салык кызматы тарабынан жеткирилген болжол планды 97,5% аткарып, киреше салыгынан 326,1 миң сомго, сатыктан алынуучу салыктан 221,7 миң сомго кем жыйнашкан.

Ошондой эле киреше салыгы боюнча жеткирилген болжол планды Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жазы, Көлдүк, Куршаб, Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнөн башкалары аткарышкан эмес.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн жылдык планы 313 857,9 миң сом болсо, 333 380,6 миң сомго жетип, план 106,2% аткарылды. Анын ичинен, республикалык бюджеттин планы 119 357,5 миң сом болсо, аныгында 124 829,6 миң сом болуп 104,6% түздү, шаардык бюджеттин планы 72 617,6 миң сом болсо, аныгында 74 724,3 миң сом болуп  102,9%, ал эми жергиликтүү бюджетте 121 882,8 миң сом план болсо, аныгында 133 826,7 миң сом болуп, 110% аткарылган.

Инвестиция тартуу

            2015-жыл ичинде район боюнча  ички жана тышкы инвестиция тартуу жалпысынан 524 450,0 миң сомдук инвестициялар тартылып, пайдаланылган. 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  128 450,0 миң сом көп инвестиция тартылды. Анын ичинен республикалык бюджеттен 246 096,0 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 34 076,0 миң сом, чет өлкөлүк гранттар тарабынан жана гуманитардык жардамдарды кошкондо 34 357,0 миң сом, калктын каражатынан   166 820,0 миң сом, ишканалардын жана уюмдардын  каражаттары 8 263.0 миң сомду  түздү. Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча 43,0 пайыз инвестиция жеке турак жай курулушуна жумшалды. Ал эми айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык улоочулукка 6 500.0 миң сом, электр энергия, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого 3 850.0 миң сом, билим берүү тармагына 75 650.0 миң сом, саламаттыкты сактоо жана  калкты социалдык жактан тейлөө жумуштарына                       68 450.0 миң сом, башка тейлөө ишмердиктерине 221 830.0 миң сом жана турак жай курулушуна 139 670.0 миң сом акча каражаттары жумшалды. 2015-жыл ичинде 15 864 чарчы метр болгон 167 жеке турак үйлөр пайдаланууга берилген. Жеке турак үйлөрдү курууда негизги капиталга 139 670.0 миң сом инвестициялар пайдаланылган. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 18 187.0 миң сомго аз.

            Тышкы жана ички инвестиция тартууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча алып караганда 2015-жыл ичинде өнөр жайын, орто жана чакан бизнести, айыл чарба, тейлөө тармактарын өнүктүрүү жана ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жай, жол, таза суу тармактарында курулуш иштери улантылып, бүткөн обьектер ишке берилип жатат.

            Алсак, Мырза-Аке айыл аймагында Түркия мамлекетинин эсебинен келген  каражаттын эсебинен М.Нурбаев атындагы орто мектеби мини-футболдук аянты менен бүткөрүлүп ишке берилди. Бириккен Улуттар Уюмунун «Азык  түлүк  программасы» тарабынан А.Калмурзаев атындагы мектебине  80 миң  АКШ долларлык  инвентарь  алынып берилген. Айыл өкмөттүн эсебинен проект түзүү үчүн  42 миң сом берилген. 

       Жергиликтүү бюджеттен «Данияр-Нур», «Келечек»,  «Ислам», «Айдан плюс» балдар бакчасынын материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында 1 млн. 835 миң  сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле Суу  пайдалануучу   ассоциациясы тарабынан  ички каналдарды тазалоо үчүн 232 мин сом сарпталды. Таза суу ишканасы суу чыгаруу үчүн 190 мин сом, анын ичинен 160 мин сому демөөрчүлөр тарабынан, 30 миң сому айыл өкмөту тарабынан берилип, таза суу менен элди камсыз кылышкан.                                                                                                                                

Мырза-Аке айылындагы М.Жээнбеков, А.Полотов, Курманжан-Датка, Адыр, Бабыр айылдарынын жолдорунун чуңкурларын ондоо үчүн 90 тонна асфальт  төшөлүп,  ремонт иштери  жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын ӨКМ тарабынан 8,2 км жолго шагыл төшөлүп тегизделип ишке берилди. М.Оморов атындагы  маданият үйүнө 80 жылдыгына  карата музей  уюштурулуп, 100 мин сом  каражат  сарпталды. Мырза-Аке айылындагы Коммунист, Кара-Шоро көчөлөрүнө (жалпы узундугу 3,5 км)  түнкү жарыктар орнотулуп, 480 миң сом сарпталды.  

            Ак-Жар айыл аймагындагы Какыр айылында Сатыбалды уулу Жолдош орто мектебинин спорт залынын, М.Кулуев орто мектебинин спорт залдарынын курулуштары республикалык бюджеттен  бүткөрүлүп, ишке берилди. Ошондой эле республикалык  бюджеттен жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ак-Жар, Большевик, Какыр, Семиз-Көл айылдарына 6 км  ички жолдоруна  шагыл төгүлдү. Ал эми жергиликтүү бюджеттен Большевик айылындагы С.Эшматов мектебине интерактивдүү доска сатылып берилди. Семиз-Көл айылынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы узундугу 5 км жолу ремонттолду. Ак-Жар айылына футболдук жана волейболдук аянтча курулду.

            Кызыл-Тоо айыл аймагында Кызыл-Тоо орто мектебинин спорт залынын жаны курулушу республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлүп, ишке берилди. Жергиликтүү бюджеттен Кызыл-Тоо айылында мурунку чайкана имараты капиталдык ремонттолуп, бала бакча үчүн ыңгайлаштырылды. Ошондой эле, бала бакчага 434 миң сомдук кровать жана керектүү эмеректер алынды. Эркин-Тоо айылындагы бала бакчанын ашканасы, балдар ойноочу аянтка жамааттан 6 миң сом демөөрчүлөрдөн 14 миң сом, айыл өкмөттөн 100 миң сом жана райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 15000 сом, жалпы санынан 135000 сом акча сарпталды. Эркин-Тоо орто мектебинин жаңы от казанынын курулушуна райондук мамлекеттик администрациясынан 20 миң сом, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 185 миң сом жалпысынан 205 миң сом жумшалды. Доңуз-Тоо, Лесхоз участкасындагы Сибир кулгунасынан суу, селден сактоо үчүн габион ӨКМнин жардамы менен 150 миң сом, айыл өкмөтүнөн 20 миң сом, баардыгы болуп 170 миң сомдук иштер аткарылды. Ак-Кыя айылынын ички жолдорунун 500 метрине шагыл тогулуп, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70 миң сомдук, жамааттан 20 миң сомдук иш аткарылды. Кызыл-Тоо айылынын көчөлөрүнө айыл өкмөтүнун эсебинен 75000 сомдук труба коюлуп, 1500 км аралыгына шагыл төгүлдү. Кызыл-Тоо айылынын Ак-Талаа каналынын 1500 м,  Абыке каналын 3000 м аралыктары техникалык жол менен тазаланды.  Эркин-Тоо айылынын ички жолдоруна шагыл төшөөгө 73 миң сом айыл өкмөтүнөн каржыланды. Кызыл-Тоо айылына келүүчү сугат суу Ак-Терек каналынын баш тарабына 80 даана серпая байлоого жамааттан  17 миң сом, айыл өкмөттөн 13 миң сом, жалпысынан 30 миң сом жумшалып жумуштар аткарылды.

       Жалпак-Таш айыл аймагындагы Кысык-Алма орто мектебин жаңыдан куруу максатында жалпы сметалык наркы 45 млн. сом каралып, анын ичинен республикалык бюджеттен 5 млн. сом акча каражаты бөлүнүп курулуш иштери башталды. №13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебине спорт зал курууга сметалык баасы 20 млн. 343 миң сом каралып, республикалык бюджеттен 3 млн. сом бөлүнүп, курулуш иштери башталды. Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин чатырын жаңылоо жана имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү максатында, жалпы сметалык баасы 2 млн. 863 миң сом акча каражаты каралып, анын ичинен республикалык бюджеттен 2 млн. 383,4 сом акча каражаты бөлүндү жана жергиликтүү бюджеттен 480 миң сом жумшалды.  Киров  айылын  таза суу менен камсыз кылуу үчүн  жалпы сметалык баасы 900 миң сом каралып, 2,5 км аралыкка суу түтүкчөсү тартылып, жергиликтүү бюджеттен 870,0 миң сом бөлүндү.  Түз-Бел айылынын таза суусунун түтүгүн оңдоо максатында 150 миң сом каралап 130 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралып, 20 миң сом акча каражаты жамаат тарабынан каржыланды. Уч-Капчал айылындагы Сары-Таш таш кениндеги таштардын эсебин алуу үчүн  пост курууга жалпы сметалык баасы 34 миң сом жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланып, курулду. Негизги калктуу конуштарды жарыктандыруу максатында жалпы сметалык баасы 259 миң сом каралып, жергиликтүү бюджеттен каржыланды жана 96 даана жарык берүүчү эмерек коюлду.

            Ийри-Суу айыл аймагындагы Тактагай   айылынын  жолун  ондоого  490  миң сом, Жангакты  айылынын  жолун  оңдоого 250 миң сом, Кыргызстан  айылынын  жолун  оңдоого 350  миң  сом, Кара- Колот  айылынын  жолун  оңдоого  200 миң  сом  акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен  каралып  жолдорго   шагыл  төшөлүп  ондоо  түзөө  иштери  бүткөрүлдү. ҮБДТ (ГСВ) №18  оорукананын  чатырын жаңылоого  жана   имаратты  актап  сырдоого 150 миң сом акча каралып аткарылуучу иштер толугу  менен  бүткөрүлгөн.  Кыргызстан айылындагы   А.Исмаилов  көчөсүнө  коюлган   түнкү  жарыктарды  толугу   менен  бүткөрүүгө  80 миң  сом  акча  каражаты  бөлүнүп, толугу менен бүткөрүлдү.    Корс-Этти  айылына  жалпы  коомдук  пайдалануу учун китепкана салууга 490 миң сом акча каражаты каралып, бүгүнкү күндө бүткөрүлдү. Корс-Этти айылынын мамычаларынын электр чубалгылары толугу менен жаңыланды. Үсөн уулу Жаныш атындагы орто мектебинин курулушу республикалык бюджеттен 2015-жылдын  июнь айында башталып окуу корпусунун курулушу  толугу менен бүткөрүлүп,             29- декабрь күнү ачылуу аземи болуп, пайдаланууга  берилди.

            Кароол айыл аймагына караштуу Б. Асранкулов, М. Ботобеков, К.Рысбаев атындагы орто мектептери айыл өкмөтү тарабынан жалпысы 225 миң сомдук заманбап интерактивдик доска менен камсыздалды. Б. Асранкулов орто мектебинин ашканасы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 220 миң сом бөлүнүп, ата-энелердин жана жеке ишкерлерден 256 миң сом, мектептин жамааты 24 миң сом, жалпысы болуп 500 миң сомду түздү. М.Ботобеков мектебине от казан  курулуп, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 370,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Кароол айыл аймагындагы Кароол айылына КРнын Өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 432 миң сомдук 2 трансформатор орнотулду. Шералы айылына КР Өкмөтү тарабынан 1 даана трансформатор орнотулду, жалпы суммасы 360 миң сомду түздү. Шералы айылындагы дамбаны бекемдөөгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 170 миң, ӨКМнен  270 миң сом,  жалпы суммасы 440миң сом акча каражаты жумшалды. Кароол айыл өкмөтүнүн тургундарын таза-суу менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 56 миң сом, жеке ишкерлер тарабынан 40 миң сом жалпысы 96миң сомдук жумуш аткарылды. Айылдардагы түнкү жарыкты орнотууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 259 миң сом акча каражаты жумшалды.  Шералы айылындагы жамааттардын кучу менен 25,0 миң сомго суу түтүктөрү тартылды. Айыл аймагындагы жолдордун, көчөлөрдүн  абалын жакшыртуу боюнча Кароол, Мырза-Арык, Шералы айылдарына 221 миң сомдук шагыл төшөө  жумуштары аткарылды. Кароол айыл өкмөтү тарабынан Кароол, Мырза-Арык, Шералы айылдарына 45 даана темир бетон электр мамычасы 467 миң сомго сатып алынып, айылдарга жеткирилип берилди.

         Зергер айыл аймагындагы С.Кадыров атындагы орто мектептин 2-корпусунун жана спорт залынын ремонту толугу менен  бүткөрүлдү. Республикалык бюджеттен 32 млн сом сарпталды. Калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында РЭЦЦА уюму тарабынан 150 миң сомго 3 айылдагы булактын көздөрү тазаланып, айланасы темир тосмолор менен тосулду. Зергер айылындагы Зергер дарыясына көпүрө курулду. Ички каналдар тазаланды (51 км), кол менен 49 км, 2 км техника менен. Өзгөн-Зергер автожолун жана Зергер айылындагы орто мектепти суу алып кетүү коркунучунан сактоо максатында ӨКМ тарабынан 2 млн. 700 миң сомдук дамба куруу иштери башталды. Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектеп үчүн ашкана курулду. Айыл аймактагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн (арыктарга суу чыгаруу, шагыл төшөө, жолдорду сүрүү, ФАПтарды ремонттоо, көпүрө салуу)  жалпы 20 млн. 187 миң сомдук жумуштар аткарылды.

            Төрт-Көл айыл аймагындагы Макаренко айылында менчик 60 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди, Ишкер эсебинен 1 млн 350 миң сом, айыл өкмөттүн бюджетинен 150 миң сом каржыланды. Шоро-Башат айылында Т. Асранов атындагы орто мектебинин алдындагы аянтчасына 30 тн асфальт төшөлдү ага жалпысы 119 миң сом сарпталып, анын ичинен 84 миң сом айыл өкмөттүн бюджетинен, 35 миң сом демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланды. Шоро-Башат айылында «Аруу Сезим» балдар бакчасына 2 даана жайкы балдар эс алуу айбанчасы курулду, жалпы сметалык баасы 308 миң сом, анын ичинен 121 миң сом эл аралык уюм, 77 миң сом жергиликтүү бюджет, 110 миң сомун демөөрчүлөр каржылады. Гулистан айылында спорт залдын оңдоо иштери аяктап пайдаланууга берилди, айыл өкмөттүн бюджетинен 688 миң сом каржыланды. Бостон айылында О. Жусупбеков атындагы мектептин жалпы сметалык басы 84 млн сомдук 275 орундуу имаратынын курулушу башталды, 2015-жылдын декабрь айына карата                 16 млн сомдук курулуш иштери аткарылып мектептин биринчи кабатынын дубалдары тургузулду. Жийде-Булак айылындаЖ.Даликулов атындагы башталгыч мектебинин ашканасынын имаратынын курулуш аяктады, жалпы сметалык баасы 1 млн 502 миң 700  сомду тузгон. Кыймыл айылында суу ташкынынан сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан узундугу 200 метр болгон суу тосмо курулду. Макаренко айылында суу чыгаруу үчүн полиэтилен түтүкчө жана оңдоо иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен 45 миң сом акча каржыланды. Шоро-Башат айылында айыл өкмөттүн бюджетинен таза суу системасын учурдагы оңдоо иштерине 30 миң сом, жараксыз абалга келген суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 30 миң сом, жалпысы 60 миң сом каржыланды.  Бостон айылында айыл тургундарын таза суу менен камсыздоо үчүн 1600 метр  аралыкта атайын емкость орнотулуп, диаметри 110 мм болгон суу түтүкчөсү тартылды, 1300 м аралыкка суу түтүкчөсү орнотулуп, ага 7 суу алуучу крандар курулду. Жалпы каражат 1 млн. 920 миң сом, айыл өкмөттүн эсебинен 620 миң сом каралган.Жийде-Булак айылында калктытаза суу менен камсыздоо үчүн суу кудугун казууга 600 миң сом, Ана-Кызыл айылында калкты таза суу менен камсыздоо үчүн суу кудугун казууга 45 миң сом айыл өкмөттүн бюджетинен каржыланып курулуш иштери улантылууда. «Караханид»  мектеп лицейине айыл өкмөттүн бюджетинен 40 миң сомдук эмеректер, 129 миң 200 сомго интерактивдүү доска, 70 миң сомго муздаткыч алынып берилди.

            Куршаб айыл аймагына караштуу Куршаб айылында 50 кожолуктун турак жайынын алдынан чыккан жер алдындагы сууларды кургатуу үчүн ӨКМ менен биргеликте жабык дренаждык курулмалар курулду.  1-этабында 5 млн. 700 миң сомдук жумуш аткарылды. Бириккен Улуттар Уюмунун “Азык-түлүк программасы” менен биргеликте Кайнар айылындагы жолдору оңдолду. Айыл аймагында 78 км ички арыктар элдин күчү менен тазаланды. Гулистан участкасында 3000 м арык эксковатор менен тазаланды. Куршаб бак участкасында  40 га, Кайнар участкасында 10 га көчөттөр  эгилди. Куршаб айылында эскилиги жеткен электр мамычалардын ордуна 98 даана жаңы мамыча орнотулду. Айылдарга 250,0 мин сомго 25 даана столба коюулуп,  450,0 мин сом жарыктандырууга жумшалды. Жаңы  конуштарга, эски жолдорго 250,0 мин сомдук асфальт, 1 млн. 178 миң сомдук шагыл төшөлдү. Ленин мектебине жаны спорт залы куруу иши жүргүзүлүп, 3 млн. сом сарпталууда. Айылдагы мектептерге 188,0  мин сомдук  4 даана интерактивдүү доска сатып алынды.

            Жазы айыл аймагындагы Кара-Дыйкан айылында таза суу чыгаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 450,0 миң сом, жамааттан 650,0 миң сом ал эми “Таза суу Альянсы” тарабынан 800,0  миң сом бөлүнүп берилип, жаңы суу түтүктөрү тартылып элге таза суу берилди. 4 бала бакчалардын  ремонт  иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 215,7 миң сом, 4 мектептин ремонт  иштерине 490,0 сом бөлүнүп берилип ремонт иштери бүткөрүлдү. Жээренчи айылына 1900 метр, Кара-Дыйкан айылына 1300 метр, Кызыл-Дыйкан айылына 700 метр шагыл төшөлүп, 574,0 сом акча каражаты жумшалды. Кызыл-Дыйкан айылындагы мурунку кой сарайдын жанына майда жандыктарды дарылоо үчүн купка курулду. Жергиликтүү бюджеттен 152 миң 450 сом жумшалды.  Кызыл-Дыйкан айылында бала бакчага (эски чайхананы реконструкциялап бала бакча кылып өзгөртүүгө) республикалык бюджеттен 2 млн. 620 миң сомго ремонт иштери бүткөрүлүүдө. Кара-Дыйкан айылындагы клубка капиталдык ремонт иштери  республикалык бюджеттен 2177,0 сом каралып, иштер журуудо. Жазы айылындагы жаңы конушка электр линиясы тартылып, трансформатор орнотулду (кубаттуулугу 250 квт). Жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 362 миң сом акча каражаты жумшалып бүткөрүлдү.

            Чангет айыл аймагына караштуу айылдардын 500 метр ички жолдоруна шагыл төшөө иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом сарпталды. Айыл аймагы боюнча эскилиги жеткен электр мамычалардын ордуна 25 жаңы мамыча (анын ичинен 20 темир-бетон, 5 – жыгач), 50 форсунка орнотулду.

        Баш-Дөбө  айыл аймагындагы айылдардын 6 км жолдоруна шагыл төшөлдү. Жергиликтүү бюджеттен 421 миң сом сарпталды. Инвестиция тартуу жолу менен 500 миң сомго трансформаторлор орнотулду. Таза суу системасынын нассосун жаңылоого 1 млн. 700 миң сом каражаты жумшалды. Бала бакчанын жылытуу системасын оңдоого 50 миң сом сарпталды.

       Салам-Алик айыл аймагына караштуу Арагөл айылына жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом, жамааттан 172 миң сом акча каражаты жумшалып, таза суу чыгарылды. Ал эми Кызыл-Чарба айылына жергиликтүү бюджеттен 306 миң сом жумшалып, кошумча таза суу түтүкчөлөрү тартылды. Жергиликтүү бюджеттен 247 миң сом акча каражатына Арагөл, Кош-Этер, Ак-Терек айылдарына 26 даана электр мамычалары орнотулду. Айыл өкмөтүнүн имаратында “Бирдиктүү терезе” бөлмөсү ачылып,  айыл өкмөтү – 250 миң сом, БУУӨП (ПРООН)  тарабынан 269 миң сом акча каражаттары сарпталды. Суу кампаларынын хлор менен тазалоо иштери жүргүзүлүп, 126 миң сом сарпталды. Бел алма телевышкасынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 72 миң сом сарпталды. Салам-Алик каналы тазаланып, жергиликтүү бюджеттен 499 миң сом каржыланды. Ак-Терек,                    Кош-Этер айылдарына ички жолдорго 7 даана трубалар коюлду. Салам-Алик айылына узундугу 100 м дамба курулду. Каржылоо булагы – ӨКМ-1 млн. сом, ПРООН – 603 миң сом, ВПП ПРООН – 283 миң сом, айыл өкмөтү – 210 миң сомду тузду. Кош-Этер айылындагы клуб капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Жергиликтүү бюджеттен 497 миң сом сарпталды. 15-жаш айылына ички канал курулду. Жергиликтүү бюджеттен 751 миң сом сарпталды. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин жылытуу системасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, Республикалык бюджеттен - 1 млн.800 миң сом, айыл өкмөтүнун бюджетинен- 1млн.482 миң сом каралды. Ак-Терек айылындагы Зындан көпүрөсү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен 498 миң сом сарпталды. Т.Бөрүбаев атындагы орто мектебине 180 миң сомго даараткана курулду.

Дөң-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылынын борбордук көчөсүнө республикалык бюджеттин эсебинен –6 млн. 400 миң сомдук асфальт төшөлдү.  Ал эми жергиликтүү бюджеттен 187 миң сом акча каражатына Бакмал айылындагы ички жолдор ремонттолду. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 228 миң сом каржыланып, Т.Төлөнбаев атындагы орто мектептин ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Андан сырткары айылдарга түнкү жарыктар орнотулуп, жергиликтүү бюджеттен 390 миң сом каржыланды.  Үч-Алыш, Чымбай, Дөң-Булак айылдарынын ички жолдоруна шагыл төшөлүп, жергиликтүү бюджеттен 292 миң сом каржыланды. Төөлөс айылында каналдар тазаланып жолдор оңдолду. Жергиликтүү бюджеттен 468 миң сом каржыланды. Өзгөрүш айылындагы Т.Шеркулов атындагы орто мектебинин имаратынын фундаменти курулуп, республикалык бюджеттен 2 млн. сом каржыланды.  Төлөнбаев атындагы орто мектептин чатыры оңдолуп, республикалык бюджеттен 300 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 184 миң сом каржыланды.

      Республикалык бюджеттен 12 млн. 500 миң сом каржыланып,  Көлдүк айыл аймагына караштуу  Жаныбек казы атындагы орто мектебине спорт зал курулду. Р.Конкошев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын суу ташкынынан коргоо максатында дамба ӨКМ тарабынан курулуп, 445 миң сомдук жумуш аткарылды. Ал эми Р.Конкошев атындагы мектептин спортзалынын курулушу түптөлдү. Шамал-Терек айылынын 75 кожолугу сугат суу менен камсыз болду. Жамааттан 130 миң сом, айыл өкмөтүнөн 20 миң сом каржыланды. Жаңы-Чек участогунун жолу оңдолуп, шагыл төшөлдү, айыл өкмөт тарабынан 96 миң сом каржыланды.  Жалгыз-Жаңгак участогунун жолу шагыл төшөлүп, тегизделди. Жергиликтүү бюджеттен – 40 миң сом, жамааттан 60 миң сом сарпталды. Кооптуу деп эсептелген дарыялардын нуктары бурулду. Сарпталган каражат – 100 миң сом (ӨКМ – 80 миң сом, айыл өкмөтү – 20 миң сом).  Чалк-Өйдө айылында селедук калыбына келтирилди. Сарпталган каражат – 60 миң сомду тузду (ӨКМ – 30 миң сом, айыл өкмөтү – 30 миң сом). Алма-Конок участогу кеңейтилип, жолу ремонттоого 100 миң сом жумшалды (жамаат – 50 миң сом, айыл өкмөтү – 50 миң сом).  Чалк-Өйдө дарыясынын жээгине дамба тосулуп, бекемделди. Тосуу иштери ӨКМ тарабынан аткарылып, 360 миң сомдук жумуш аткарылды.  Айыл өкмөт тарабынан 40 миң сом сарпталып, Жаныбек казы атындагы мектептин жылытуу системасы жаңыдан коюлду. Эпкиндүү участогундагы суу жээги толтурулуп, түздөлүп, жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом каржыланды. Көлдүк-Ничке жолу оңдолуп, республикалык бюджеттен 150 миң сом каржыланды.

            Жылалды айыл аймагындагы  Жылалды, Красный- Маяк, Кальта, Бото- Мойнок айылдарынын ички  жолдоруна  шагыл  төшөлүп, жергиликтүү бюджеттен 200,0  миң сом акча каражаты жумшалды.  Жылалды айылына 460,0 миң  сомдук  жаңыдан суу түтүкчөлөрү коюлду. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен  Красный-Маяк айылына таза-суунун эски түтүкчөлөрү алмаштырылды. Сарпталган каражат 435,0 миң сомду тузду. Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдык майрамына карата Жылалды айылына эстелик тургузулган.  Каржылоо булагы -жергиликтүү  бюджеттен болуп, 486,2 миң сомду тузду . 

     Кара-Таш айыл аймагынын  Ынтымак, Үңкүр, Коргон айылдарынын ички жолдоруна шагыл төшөлүп, жергиликтүү бюджеттен 350,0 миң сом каралган. Ийрек айылынын көчөлөрүнө 150,0мин сомдук шагыл төшөлдү. Үңкүр, Ынтымак айылдарындагы ичүүчү суу булактары оңдолуп, жергиликтүү бюджеттен 50,0 миң сом каралды. “Кызыл-Абад” орто мектебинин ашканасы оңдолуп, жергиликтүү   бюджеттен 50,0  миң сом жумшалды. Ж.Малабаев атындагы орто мектебине 34,0  миң сомго компьютер алынып берилди. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн имараты оңдолду. Жергиликтүү бюджеттен 50,0  миң сом жумшалды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте айыл аймактын 2 км. ички жолдору оңдолду.

            Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кызыл-Сенир айылына муниципалдык  “Ширин апа” бала бакчасы ишке киргизилди. Жергиликтүү бюджет, донор уюму, жеке салымдардын негизинде сарпталган каражат 1 млн.800 миң сомду тузду.  Кызыл-Октябрь айылына таза суу чыгарылып, донор уюмдар тарабынан 1 млн.200 миң сом жумшалды. Эски Покровка айылындагы “Сонайым эне” балдар бакчасына беседка курууга жергиликтүү бюджеттен, донор уюму, жеке салымдардын негизинде 300,0 миң сом сарпталды. Ынгайсыз жерлерге бак отургузулуп, донор уюму, жеке салымдардан 1 млн. 900,0 миң сом жумшалган.  П.Жолдошов атындагы орто мектебинин спорт залынын курулушуна  республикалык бюджеттен 8 млн.сом жумшалып, ишке берилди. А.Төлөнов атындагы орто мектебинин жаны курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 10,0 млн.сом болунуп, курулуш иштери журуудо. Түнкү жарыктарды орнотууга жергиликтүү бюджеттен 200,0 мин.сом жумшалган. Айылдарга таза суу жеткируу боюнча иштер жургузулуп, жергиликтүү бюджеттен жана жеке ишкерлерден 500,0 мин.сом жумшалган. Гүзар айылындагы мончону курууга жеке ишкер тарабынан 9 млн.100,0 мин.сом сарпталган. Кремль айылындагы А.Машрапов атындагы башталгыч орто мектебине кошумча класс курууга жергиликтүү бюджеттен 170,0 миң.сом жумшалган. Эски Покровка айылына футбол, волейбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен, донор уюмдарынан, жеке салымдардан сарпталган акча каражаты 320,0 миң.сомду тузду. Лесхоз айылына таза суу чыгаруу үчүн суу чыгаруучу насос алынып берилген. Жергиликтүү бюджеттен сарпталган каражат 60,0 миң.сомду тузду.

      Алтын-Булак айыл аймагынын  Кандава, Алтын булак айылдарынын эски мүрзөсүнүн айланасы тозулуп жергиликтүү бюджеттен, элдин салымынан сарпталган каражат – 200,0 миң.сомду тузду. Кандава, Таш-Башат айылдарындагы ички 0,9 км. жолго 60,0 миң.сомдук шагыл төшөлдү. Алтын-Булак айылына сметалык  баасы 52,0 млн. сомдук жаңы мектептин имаратынын, спорт залынын  пайдубалы курулуп жатат. Республикалык бюджеттен бугунку кунго каржыланганы 3,5 млн.сом. Сасык-Булак айылындагы намазкананын курулушу бүткөрүлуп, жергиликтүү бюджеттен 40,0 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 400,0 миң сом сарпталган.

       Өзгөн шаар мэриясында шаар көчөлөрүндөгү арыктарга лоток жаткыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 700,0 миң сом акча каражаты каралып, учурда Ленин көчөсүндөгү “Базар арыктын” 350 метр аралыгына  жана Маданият көчөсүндөгү  арыкка лотоктор жаткырылды, лотокторду сатып алуу, жеткирип келүү,  жаткыруу менен байланышкан каражаттар жалпысынан 427,9 миң сомду тузду. Сельская   көчөсүно асфальт жаткырууга даярдоо, кенейтүү, арыктардын кувейтин чыгаруу иштерине жана Байматова, Дзержинский, Саидов, Иминов, Абдукеримов, Тажибаев атындагы көчөлөргө жаткырылган шагылдарды тегиздоо иштерине жалпысынан  350,1 миң сом каржыланды. Гагарин көчөсүнөн баштап Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгын  кенейтуу, лотокторду чыгаруу, кеңейтирилген жерлерге шагыл төшөө, арыктарды тазалоо иштерине 462,3 миң сом сарпталды. Жаңы конуштардагы көчөлөрдөгү жолдорго шагыл төшөө иштерине 498,0 миң сом сарпталды. Шаардын Төрт-Көчө, Жузумзар, Кумлик жана Мажрим-Тал кварталдарындагы жалпысынан 3500 метр аралыктагы жолдорду тегиздөө иштерине 75,0 миң сом каржыланды. Төрт-Көчө кварталдык комитетинин аймагына балдардын эс алып ойноочу жайынын курулуш иштери жүргүзүлүп, ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 266,0 миң сом акча каражаты сарпталды.   Шаардагы жаңы конуштарга 270 даана электр мамычалары орнотулду.  Жергиликтүү бюджеттен 312 миң сом сарпталды. Электр мамычаларына  21000 метр зымдар 483 миң сомго сатып алынды.  Ленин көчөсүндөгү 384 метр аралыктагы (Гагарин көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралык) жолду асфальттоо үчүн 1 млн. 800 миң сомго жана Наваи көчөсүндө 777 метр аралыктагы жолду асфальттоо 4 млн. сомго иш аткарылып, асфальттоо аягына чыгарылды. Шаар элин таза суу менен камсыздоону жакшыртуу  максатында “Тамеки” кооперативинен Пайзабад кварталында жайгашкан скважинаны сатып алуу үчүн 800 миң сом сарпталды.  Шаардагы парктарга, стадионго, архитектуралык музейге  6 даана биоажатканаларды орнотуу иштерине 198 миң сом сарпталды.                        Жаны-Өзгөн кварталындагы 6 көчөнүн 2300 метр аралыгын тегиздөө, табигый кырсыктын кесепетин жоюу максатында суу ташкыны жүргөн көчөлөрдү  калыбына келтирүү, элдерге шарт түзүү  иштерине 300 миң  сом сарпталды. "Таштак" кварталында жайгашкан УДТ имаратын кеңейтүү максатында "Тамеки" кооперативинен  кошумча имарат 0,06 г.жер тилкеси менен сатып алуу үчүн 350 миң сом сарпталды.  А.Наваи атындагы мектебинде жаны балдар ашканасын  куруу үчүн курулуш материалдарын сатып алууга 364 миң сом каржыланды.  Жаныбек-казы кварталында ажаткана куруу үчүн 24 даана темир-бетон кольцо жана атайын  техникасы менен аткарылган жумуштар үчүн 111 миң сом каржыланды.

Транспорт жана байланыш

Өзгөн районунда “Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясына” караштуу № 5 жана № 956-жол тейлөө ишканалары тарабынан жалпысынан 433,1 чакырым автомобиль жолдор тейленет.

Анын ичинен:

-Эл  аралык  маанидеги  жолдор       -95,7 км.

           -Мамлекеттик  маанидеги  жолдор  -181км.

-Жергиликтүү  маанидеги  жолдор  -156,4 км түзөт.

 № 956 ишканасы тейлеген 153,7 чакырым унаа жолдун 92,7 чакырымы асфальт, 61 чакырымы шагыл, № 5 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы 279,4 чакырымдын 161 км асфальт, 115 км шагыл жолдор.

№ 5-жол тейлөө ишканасынын 2015-жылдын 12 ай ичиндеги аткаруу планы 49 523,2 миң сом болсо, аткарылганы 51 250,5 миң сом же болбосо 106% түздү. Анын ичинен орто оңдоо иштерине 13 500,0 миң сом, учурдагы оңдоо иштерине                8 403,7 миң сом, кышкы кармоо иштерине 3 116,5 миң сом, жайкы кармоо иштерине 1 144,9 миң сом, жаратылыш кырсыктарын жоюу боюнча 1 193,9 миң сомдук жумуштар аткарылган             

Автомобиль жолдорунун түрлөрү боюнча алсак, учурдагы оңдоо иштери боюнча Бишкек-Ош автоуна жолунун 117 м2асфальт жолун жамоого115,5 миң сом, Мырза-Аке-Кара-Кулжа автоуна жолунун 123,6 м2 асфальт жолун жамоого121,2 миң сомдук иштер аткарылды. Андан сырткары Мырза-Аке-Кара-Шоро, Жылалды-Ийри-Суу-Чангет, Өзгөн-Зергер, Мырза-Аке-Комсомол, Өзгөн-Мырза-Аке автоуна жолдорунун жалпысынан 4789,3 м2асфальт жолдорду жамоо иштери аткарылып же болбосо 5 011,6 миң сом акча каражаты жумшалган. Бишкек-Ош, Көлдүк-Ничке, Кайрат-Ничке-Сай, Большевик-Семиз-Көл автоуна жолдорунун суу өтүүчү арыктарды калыбына келтирүү үчүн 606,1 миң сом,  акча каражаты сарпталды.

Кышкы кармоо иштери боюнча автоунаа жолдорун кардан тазалоо, инерттик материалдарды (шлак) дөңсөөлөргө себүү, көпүрөлөрдү муздардан тазалоого  3116,5 миң сом жумшалып, же болбосо план 148% аткарылды..

Жайкы кармоо иштери боюнча жол боюндагы эмеректерди сырдоо, эскертүүчү жол белгилерди алмаштырылып жаңылоо, жол четиндеги арыктарды жана асфальт жолдун эки четтерин автогрейдер менен тегиздеп, калыбына келтирүү жумуштарына жалпысынан 1144,9 миң сом акча каражаты жумшалды.

Орто оңдоо иштери боюнча республикалык бюджеттен Өзгөн шаарынын ичиндеги  жалпысынан 3,8 км жолдорду асфальттоо үчүн 25522,2 миң сомдук жумуштар аткарылды. Жаңы-Абад-Өзгөрүш автожолунун 1 чакырым жол асфальт төшөлүп пайдаланууга берилди же болбосо 5638,9 миң сомдук жумуштар аткарылды. Жылалды-Ийри-Суу-Чангет автожолу боюнча 16 чакырымда жолдун кеңейтүү үчүн 1288,8 миң сом акча каражаты жумшалды.

Жаратылыш кырсыктары жоюу боюнча суу өтүүчү арыктарды калыбына келтирүүчү 28 чакырым жолдун четин (обочинаны) автогрейдер менен кырып тегиздөө жумуштарына жалпысынан 792,1 миң сом сарпталды.

Ал эми райондогу экинчи № 956  жол тейлөө ишканасы тарабынан                      2015-жыл ичиндеги аткаруу планы 16 005,0 миң сом болсо, аткарылганы 16 510,7 миң сом же болбосо 103,2 % түздү. Анын ичинен кышкы кармоого 3619,0 миң сом, учурдагы оңдоо иштерине 8261,6 миң сом, жайкы кармоого 901,2 миң сом, орточо оңдоо иштерине 1677,3 миң сом, табигый кырсыктардын кесепетинен бузулган жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоп түзөөгө 187,5 миң сом жумшалып, тийиштүү иштер толугу менен аткарылган.

 Алсак, учурдагы оңдоо иштери боюнча, Бишкек-Ош автоуна жолундагы жол белгилерин алмаштыруу жана оңдоого 2422,0 миң сом жумшалган, Куршаб-Жалпак-Таш автоуна жолундагы жол чекесиндеги арыктарды калыбына келтирүү, асфальттын жаракаларын битум менен жамоо жумуштарына 3512,1 миң сом, жана  Ош-Кара-Суу-Өзгөн, Куршаб-Кызыл-Сеңир-Кара-Таш, Куршаб-Алга-Аграном  авто жолдорундагы чуңкурчаларды жамоо иштерине 1624,4 миң сомдук жумуштар  жүргүзүлгөн.

 Кышкы кармоо иштери боюнча белгиленген план 12 айга 1900,0 миң сом болсо аткарылганы  3619,0 миң сом же болбосо 190,5%  түздү.

Жайкы кармоо иштери боюнча, Бишкек-Ош, Ош-Кара-Суу-Өзгөн, Куршаб-Жалпак-Таш, Куршаб-Кызыл-Сеңир-Кара-Таш автоуна жолдорундагы унаалар токтоочу жайларды, парапеттерди, көпүрөлөрдүн тосмолорун, жол белгилеринин түркүктөрүн сырдоо жана суу өтүүчү түтүкчөлөрдү, жол жээгиндеги таштандыларды тазалоо, асфальттын чекелерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Орточо оңдоо иштери боюнча Куршаб-Жалпак-Таш автоуна жолунун 15-16 чакырымына шагыл төгүп, асфальт төшөгөө 1677,3 миң сомдук иштер жүргүзүлгөн.

Жаратылыш кырсыктары боюнча Куршаб-Жалпак-Таш автоуна жолунун 14-15-18-19-20 жана Куршаб-Кызыл-Сеңир-Кара-Таш автоуна жолунун 9-12 чакырымдарындагы түшкөн көчкүлөрдү тазалоо, автоуна жолунун бетин оңдоо иштери жүгүзүлгөн.

Энергетика

Райондук электр тармактар ишканасы 2015-жыл ичинде калкты, мекеме ишканаларды, чарба жүргүзүүчү субьектерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз сапаттуу камсыздоо максатында түзүлгөн планга ылайык иштерди жүргүзүштү.

Натыйжада жогорку чыңалуудагы (Вл-10Кв) планда көрсөтүлгөн 186,7 чакырым узундуктагы электр линиячынын 186,7 чакырымы ремонттолуп, белгиленген план 100 %га, төмөнкү чыңалуудагы (Вл-0,4Кв) планда көрсөтүлгөн 165,3 чакырым узундуктагы электр линиясынын 166,2 чакырымы ремонттолуп 100%га, 87 даана трансформатордук подстанциялардын 94 даанасы (108%) капиталдык ремонттон чыккан. Ошондой эле жогорку чыңалуудагы (Вл-10Кв) планда көрсөтүлгөн 620,7 чакырым узундуктагы электр линиясынын 627,3 чакырымы ремонттолуп, белгиленген план 101%га, төмөнкү чыңалуудагы (Вл-0,4Кв) планда көрсөтүлгөн 573 чакырым узундуктагы электр линиясынын 575 чакырымы (100%), 344 даана трансформатордук подстанциялардын 352 даанасы (100%) кезектеги ремонттон чыгарылган.     

2015-жылдын январь-декабрь айларында район боюнча 189 097,0 миң кВт электр энергиясы алынып, товардык продукция 154 677,677,1 миң сомду түзгөн. Пайдаланган электр энергияга 155 734,1 (2014-жыл 130 546,5 миң сом) миң сомдук акча каражаты топтолуп, 2014-жылга салыштырмалуу  25 187,6 миң сомго көп чогултулган же болбосо 101% пайызды түздү.

Райондун электр энергиясынан болгон жалпы  дебитордук карызы.                      2015-жылдын  1-январына карата  59 544,0 миң сомду түзгөн болсо, бул көрсөткүч 2016-жылдын 1-январына карата 55 990,5 миң сомду түздү,  же болбосо жыл башына карата 3 563,5 миң сомго азайган. Анын ичинен өнөр жай ишканалары 1 млн 241,9 миң сом, бюджеттик мекемелер 3 661,5 миң сом, калк 29 749,7 миң сом, айыл-чарба керектөөчүлөр 1 306,9 миң сом жана башкалар 20 030,6 миң сомду түздү. 2015-жылдын 12 айына алынган электр энергиясынын жалпы жоготуусу 25 960,3 (2014-жыл 33 048,7 миң кВт )миң кВ саатты түзүп, 2014-жылдын 12 айына салыштырмалуу 7 088,4 миң кВт саатка же болбосо 2,9%га азайган. Анын ичинен техникалык жоготуу 25 583,3 (2014-жыл 32 965,4 миң кВт) миң кВт саат болуп, 2014-жылдын 12 айына салыштырмалуу 7 382,0 кВт саат же болбосо 3 %га азайган. Ал эми коммерциялык жоготуу 377,0 ( 2014-жыл 83,3 миң кВт) миң.кВт сатты түзүп, 2014-жылдын 12 айына салыштырмалуу  293,7  миң кВт же болбосо 0,2% га көбөйгөн.

Районубуздун калкын, мекеме ишканаларын электр энергиясы менен камсыз кылууда жалпы 862 электр трансформаторлору иштетилет. Анын ичинен РЭТ ишканасынын карамагында 551, мекеме ишканаларда 127, ээсиз трансформаторлор 35, менчик трансформаторлор 149. 2015-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу райондук электр тармагынын натыйжалуу жүргүзгөн ишинин негизинде 69 ээсиз трансформатордук подстанциялар ишкананын балансына алынып, ээсиз калган подстанциялардын катары төмөндөгөн. Андан сырткары  2015-жыл ичинде Мырза-Аке айыл аймагына 2 даана, Салам-Алик айыл аймагына 2 даана,  Жазы айыл аймагына 1 даана, Ийри-Суу айыл аймагына 1 даана жана Өзгөн шаарына 8 даана  жалпысынан 14 даана жаңы трансформатордук подстанциялар онотулду.   

 

Өзгөчө кырдаалдар

2015-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин«Атайын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу» иш планына ылайык, 11 айыл аймагынан 20 обьекти планга кирип, анын 14 обьектисинде иштер аткарылды.

 Алсак, Кызыл-Тоо айыл аймагы  Доңуз-Тоо айылынын  Доңуз-Тоо дарыясынын жээк эрозиясынан сибирь жарасынынын очогун коргоо максатта Донуз-Тоо дарыясынын жээгине 50метр узундукта коргоочу суу тосмосун куруу Куршаб айыл аймагынын Куршаб айылынын Гулистан чеги Кочкор-Ата хвостовой каналына толуп калган сел агындыларын (ПК-8+00дөн ПК-12+00 чейин) тазалоо, Дөң-Булак айыл аймагынынДөң-Булак-2 айылы  Жазы дарыясынын нугун буруу, Өзгөрүш айылынын Жазы дарыясынын нугун жанаКара-Дарыя дарыясынын нугун буруу иштери, Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак-1 айылынын ички чарбалык селден коргоочу каналын 750 метр аралыктагы  жалпы 6480м3 көлөмдө ылайкалардан тазалоо, Чымбай айылынын "Кум" ички чарбалык селден коргоочу каналынын 830 метр аралыктагы жалпы 1843м3 көлөмдө ылайкалардан тазалоо, Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылындагы Ак-Тилек ички чарбалык сугат жана сел өткөрүүчү каналын 2500 метр аралыктагы жалпы 6510м3 көлөмдө сел ылайкаларынан тазалоо, Мырзаке айыл аймагынын Коммунист, Кандава-Мырзаке айылдарындагы ички чарбалык сел өткөрүүчү каналынын 4500 метр аралыктагы  жалпы 20000м3 көлөмдө сел ылайкаларынан тазалоо, Мырзаке айылынын ички чарбалык жолдоруна шагыл төшөө, Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылындагы ички чарбалык жана сел өткөрүүчү каналды 8300 метр аралыктагы  жалпы 16475м3 көлөмдө ылайкалардан тазалоо, Кара-Таш айыл аймагынын Ийрек, Үнкүр, Ынтымак, Элчибек айылдарынын ички чаарбалык жолдорго шагыл төшөө, Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындаг Жазы дарыясынын сол жээгине, көпүрөнүн төмөн жагына дамба куруу, Ара-Гөл айылындагы Жазы дарыясы аркылуу өтүүчү ички чарбалык көпүрөнүн алдын тазалоо, Ийри-Суу айыл аймагынын Жангакты айылындагы селдердин кесепетинен жараксыз абалга келген 3км аралыктагы ички чарбалык жолдоруна шагыл төшөө иштери план графиктин негизинде аткарылды.

КР ӨКМнин «Авариялык кайра калыбына келтирүү» иш мерчеми боюнча Төрт-Көл айыл  аймагындагы Кыймыл айылын Жазы дарыясынын суу ташкынынан коргоо максатта дарыя жээгинин оң жагында 125 метр узундукта коргоочу дамба курулууда, болжолдуу баасы 12млн сомду түзөт.

Андан сырткары Өзгөн районунун аймагында  2015-жылдын 17-ноябрь күнү саат 23-30 чамасында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткан жараандарга жардам корсотуу боюнча бир топ иштер аткарылды.

Ыкчам жардам корсотуу максатында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын  2015-жылдын 18-ноябрь күнү № 330-б сандуу буйругу кабыл алынган. Райондук жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздүк курамдары жана райондук жарандык коргонуу комиссиялары жер титирөөнүн эпицентрине жакын жайгашкан Кара-Таш жана Жалпак-таш айыл аймактарынын айылдарына барып аныктоо иштерин жүргүзүшкөн. Авариялык сактоо жана кечиктирилгис иш чаралары боюнча алсак, электр жарыгын берүү жана жарыкты чүмбөтө кызматы тарабынан өз убагында жабыр тарткан жарандарга электр жарыгы жеткирилди.

 Медицина кызматы тарабынан  2 ыкчам дарыгерлер тобу түзүлүп,                             Кара-Таш жана Жалпак-таш айыл аймактарынын айылдарындагы жабыркаган жарандарга биринчи керектелүүчү медициналык жардамдар көрсөтүлдү.

Инжинердик кызматрайондук экотехинспекция жана Өрткө каршы  кызматтары буйрукту аткарууга алышып,  өздүк курамдары менен толук кандуу иш алып барышкан.

Ошол эле учурда райондогу ар бир мекекеме ишканаларынын жетекчилери жабыркаган үй бүлөлөргө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү үчүн бекитилип, тийиштүү жардамдар көрсөтүлгөн.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу моноиторинг департаментинин 3 адиси  2015-жылдын 18-ноябрдан 23-ноябрына чейин мониторинг иштерин жүргүзүп,   район боюнча 918 турак үйдү аныктап чыгышты. Аныктоонун натыйжасында 44 турак үй 4-даражада, 118 турак үй 3-даражада, 335 турак үй 2-даражада, 421 турак үй 1-даражада деп аныкталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш департаментинин астындагы КНИИПС аркылуу сейсмология институтунун 2 адиси 2015-жылдын 23-ноябрдан 25-ноябрына чейин райондук экотехинспекция башкармалыгы менен биргеликте 28 социалдык обьектилерди текшерип, анын ичинен 17 соцобьект 1-даражада, 3 соцобьект 2- даражада, 3 соцобьект 3-даражада, 5 соцобьект 4-даражада жабыркагандыгы аныкталган.

                 Ал эми жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын  2015-жылдын 24-ноябрында №338-б сандуу    “Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүдөгү уюштуруу иштерин жүргүзүү  боюнча комиссия түзүү жөнүндө” буйругу кабыл алынып, бир топ иштер алып барылды. Учурда район боюнча жер титирөөдөн жабыр тарткан атуулдарга Өзгөн районунун мекеме-уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 4393 кг ун,  381 кг макарон азыктары, 26 кг эт, 513 литр май, 118 кг күрүч, 39 кг туз, 110 кг кумшекер, 67 пачка чай, 1135 кг картошка, 218 кг сабиз, 381 кг пияз, 25 даана самын, 35 кг кант азыктары, 100 кг буудай, 36 500 тонна көмүр жана 31,111 сом акчалай, жалпысынан акчалай түрүндө 433,285 сом жардамдар көрсөтүлдү.

                 Андан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 9 даана чатыр, 9 даана очок “Буржуйка”, 3600 кг картошка, 3000 кг сабиз, 2600 кг пияз, 50 кг капуста, 50 даана одеял, 9600 кг ун, 1000 литр май,  2090 кг макорон азыктары жана 500 кг кум шекер  таркатылып берилди. “Кызыл Жарым ай коому” тарабынан 122 даана одеял, 30 комплект ашкана буюмдары, 122 даана самын таркатылды.

            Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан Өзгөн районундагы 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн жапа чеккен IV даражадагы турак жайлардын саны 44, анын ичинен 29 турак жайга 50%дык акы төлөө менен мамлекеттик акт берилип, жалпысы 43500 сомду түздү, башкача айтканда калган 50%дык 43500 сомдук акы башкармалыктын эсебинен жасалды. Ал эми калган 15 турак жайдын буга чейин мамлекеттик актысы болгон. Жалпысынан IV даражадагы турак  жайлар боюнча толук бүткөрүлгөн .

             

Жеке турак жай жана ипотекалык ссуда

Район боюнча 2015-жылдын 1-январына карата жеке турак жай куруу үчүн жер участогун сурап кезекте турган жарандардын саны 18813 адам болсо, 2016-жылдын 1-январына карата 21754 адамга жеткен, же 1 жыл аралыгында 2941 адамга көбөйгөн. Район боюнча жеке турак жай куруу үчүн 2014-жыл ичинде 268 жер участогу берилген болсо, 2015-жылдын ичинде 354 жер участогу берилген.  

Ал эмиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш агенттигинин Турак-жай жарандык курулуш департаментинин Өзгөн районундагы өкүлү тарабынан райондун аймагында жаратылыш кырсыктарынан турак жайлары жабыр тарткан атуулдарга узак мөөнөттүү ипотекалык ссудаларды берүү боюнча 2015-жыл ичинде 92 атуулга 200,0 миң сомдон  жалпы 18млн. 400миң сом, ал эми кайтарымсыз 50,0миң сомдон 27 атуулга  жалпысынан 1млн 350миң сом ссуда берилди.

2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөнүн кесепетинен турак жайлары жабыр тарткан 161 атуулдун 118 атуулга 10миң сомдон  жалпысынан 1млн 180миң сом берилди, ал эми 43 атуулга 200 миң сомдон ссуда берүү үчүн сертификаттары толук берилип 1-транш 50миң сомдон жалпы 2млн 150миң сом акчалары берилуунун алдында турат, себеби атуулдар тарабынан турак жайлардын документтери такталып болгондон кийин, март айынан баштап бериле баштайт.

Өзгөн району боюнча 1994-жылдан 2000-жылдар аралыгында берилген узак мөөнөттүү ипотекалык ссудаларды кайтаруу боюнча ипотекалык ссуда алып кайтарбаган атуулдардын тизмелери райондук «Өзгөн нуру» газетасына жарыяланды жана ар бир атуулга билдирүү кагаздары берилди. Аткарылган иштердин негизинде алынган ссудаларды кайтарууда район боюнча 2015-жылга 12млн сом акча кайтарылып, жалпы кайтарымдын 40% тузду.

Байланыш жана телекоммуникация

             Райондун аймагында“Кыргызтелеком” ААКнун Өзгөн райондук бөлүмү тейлеген 6 санариптик станция жалпы сыйымдуулугу 5000 номерге ылайыкташып, 1653 абонент уланган. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча тарифтик кирешелер 10 млн 477,8 миң сомду түздү. Анын ичинен интелектуалдык түйүн кызматына 200,0 миң сом, интернет түйүн кызматына 6 млн 575,9 миң сом,  телеграфтык байланыш кызматына 805,0 миң сом, шаар аралык байланыш кызматына 1157,5 миң сом, айыл аралык байланыш кызматына 1535,4 миң сом, эларалык байланыш кызматына 59,4 миң сомдук кызматтар көрсөтүлгөн.

            2015-жылдын 12 ай ичинде план боюнча 130 абоненттерге телефон аппаратарын орнотуу болсо, 166 абоненттерге  телефон аппаратары орнотулган. Интернет байланышы менен камсыз кылуу план 220 абонент болсо, 266 абонент интернет байланышына уланган. Ошондой эле азыркы учурда Өзгөн шаарында 851 абонент, Мырза-Аке айыл аймагында 112 абонент, Куршаб айыл аймагында 162 абонент интернет байланышы кызматы менен камсыз болгон.

p class=params-